Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:29

ИИМ порнографиялык сайттарга киргендерди коркутуп, акча алган кишини кармады


ИИМ тараткан сүрөт.
ИИМ тараткан сүрөт.

Ички иштер министрлиги сентябрь айынан баштап «Альфа-Телеком» жана «Нур-Телеком» байланыш операторлорунун абоненттеринин укугун бузуп, шантаж кылып акча алып жүргөн Кочкор районунун 32 жаштагы тургуну кармалганын билдирди.

Мекеменин басма сөз кызматы тараткан маалыматка ылайык, Интернеттеги вирус-блокиратор аркылуу порнографиялык сайтка кирген абоненттерге Ички иштер министлигинин атынан «мыйзамга каршы келген материалдар камтылган сайт бөгөттөлдү, айып пул катары 1700 сомдон 2200 сомго чейин каражат төгүшүңүз керек» деген сыяктуу билдирүү жөнөтүлгөн. Айрым жарандар билдирүүдө көрсөтүлгөн электрондук капчыктарга акча которушкан. Алдын ала маалымат боюнча шылуундар жарандардан 500 миң сомдой чогултуп алышкан.

Бул маселеге байланыштуу Нарын аймагынан бир нече жаран милицияга кайрылган. Буга чейин «Альфа-Телеком» жана «Нур-Телеком» байланыш операторлорунун өкүлдөрү шылуундарга чара көрүүнү өтүнүп, ИИМге арыз жазышкан.

Учурда факт Жазык кодексинин 203 -беренеси («Акча талап кылуу») боюнча катталып, башка тийиштүү адамдарды аныктоо иштери жүрүп жатат.

Ички иштер министрлиги балдар көрсөтүлгөн порнографиялык жана баңгизаттарды жарнама кылган сайттар бөгөттөлүп, аларды жайылткандар жоопкерчиликке тартыларын эскертет. Ал эми порнографиялык сайттарга киргендер үчүн айып же санкция каралбагандыгын белгилейт. ИИМдин атынан жөнөтүлгөн Интернеттеги ар кандай билдирүүлөр боюнча милицияга кайрылууга чакырат. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG