Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:42

Италияда Кыргызстандын элчилиги ачылды


Руслан Казакбаев жана Марина Серени.
Руслан Казакбаев жана Марина Серени.

Италияда Кыргызстандын элчилиги расмий ачылды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы маалымдады.

Ага ылайык, 9-ноябрда дипломатиялык мекеменин ачылышына Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев катышты. Аземге Италиянын тышкы иштер жана эл аралык кызматташтык министринин орун басары Марина Серени жана кыргыз диаспораларынын өкүлдөрү келишти.

Кыргызстандын тышкы саясат мекемесинин жетекчиси Казакбаев Италиянын бийлигине ыраазычылык билдирди. Тышкы иштер министринин орун басары Марина Серени эки тараптуу мамилени өнүктүрүү маанилүү экенин жана Бишкекте Италиянын дипломатиялык өкүлчүлүгүн ачуу ниети бар экенин айтты.

Кыргызстан Италия менен дипломатиялык алака түзгөнүнө 30 жылга чамалаганы менен бул өлкөдө кыргыз элчилиги былтыр гана түзүлгөн. Алгачкы элчи болуп буга чейин өкмөттө, Тышкы иштер министрлигинде иштеген Таалай Базарбаев дайындалган. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG