Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:11

ИИМдин имаратына өмүр бою кесилген Жаныш Бакиевдин сүрөтү илинди


ИИМ тараткан сүрөт.
ИИМ тараткан сүрөт.

Ички иштер министрлигинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматында мурдагы жетекчилеринин сүрөтү илинген тактаны ачуу аземи болду. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы маалымдады.

10-ноябрдагы иш-чарага ИИМ министринин орун басары Нурбек Абдиев жана аталган кызматтын мурдагы айрым жетекчилери катышты. Милиция тараткан сүрөттө жетекчилердин тактасында мурдагы президент Курманбек Бакиевдин иниси, өмүр бою сыртынан соттолгон Жаныш Бакиевдин сүрөтү дагы илинген.

Жаныш Бакиев – 2010-жылы бийликтен кулатылган президент Курманбек Бакиевдин бир тууган иниси. Агасы бийликте турганда Мамлекеттик күзөт кызматын жетектеген.

Жаныш Бакиевге 2013-жылы сыртынан өмүр бою кесилген. Ал 2005-жылдын 24-мартында талап-тоноо уюштурган, Улуттук банктын Жалал-Абад облусундагы башкармалыгынан 22 млн. долларды уурдаган деген айып тагылган. Мурдагы президенттик администрациянын жетекчиси Медет Садыркулов жана башка адамдарды өлтүргөн деп айыпталган.

Жаныш Бакиев 2010-жылдагы апрель окуясынан кийин өлкөдөн качып кеткен. Сот аны, Курманбек Бакиевдин кенже уулу Максим Бакиевди, ошол кездеги премьер-министр Данияр Үсөновду сыртынан өмүр бою кескен.

Мурдагы президент Курманбек Бакиев жана анын тун уулу Марат Бакиев 30 жылга соттолгон.

Апрель окуясы боюнча баш-аягы 30га жакын кишиге кылмыш иши козголгон. Анын ичинен далилдер жетишсиз деген негизде Мамлекеттик күзөт кызматынын 14 кызматкери акталган.

Расмий маалымат боюнча, Бишкекте 2010-жылдын 7-апрелиндеги элдик толкундоолордун натыйжасында 80ден ашуун адам окко учкан, 500дөн ашууну жараат алган. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG