Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:37

Апрель окуясына 11 жыл болду


Апрель окуясы маалында 87 киши набыт болгон. Кийин жаракат алгандар арасында каза болгондордун саны артып, жалпысынан 100дөн ашуун адам жарыкчылык менен кош айтышты. (Фото 2010-жылдын 7-апрели).
Апрель окуясы маалында 87 киши набыт болгон. Кийин жаракат алгандар арасында каза болгондордун саны артып, жалпысынан 100дөн ашуун адам жарыкчылык менен кош айтышты. (Фото 2010-жылдын 7-апрели).

Токсонго жакын кишинин өмүрү кыйылган 7-апрель окуясына быйыл 11 жыл болду.

Кийин жаракат алгандар арасында каза болгондордун саны артып, жалпысынан 100дөн ашуун адам жарыкчылык менен кош айтышты.

2010-жылы ошол кездеги президент Курманбек Бакиевдин үй-бүлөлүк башкаруу режимине каршы демонстрациялар 7-апрелде аяктап, Бакиев бийликтен кулатылган. Нааразы болуп чыккандарга ок атылып, 87 киши набыт болуп, миңден ашуун адам жаракат алган. Курманбек Бакиев үй-бүлөсү, жакындары менен чет мамлекетке качып, Беларустан башпаанек тапкан.

Окуянын 11 жылдыгына карата бүгүн Бишкекте президент Садыр Жапаровдун катышуусу менен эскерүү иш-чаралары өтөт. Мамлекет башчы «Ата-Бейит» мемориалдык комплексиндеги апрель окуясында курман болгондорго арналган мемориалдык дубалга жана Ала-Тоо аянтындагы Аксы жана Апрель окуяларында курман болгондорду эскерүү монументине гүл коёт.

Эскерүү иш-чарасына Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов, премьер-министр Улукбек Марипов, Жогорку соттун төрайымынын милдетин аткаруучу Нургүл Бакирова, экс-президенттер Роза Отунбаева, Сооронбай Жээнбеков катышат.

2010-жылдагы кандуу Апрель окуясы боюнча баш-аягы 30га жакын кишиге кылмыш иши козголгон. Анын ичинен далилдер жетишсиз деген негизде Мамлекеттик күзөт кызматынын 14 кызматкери акталган.

Мурдагы президент Курманбек Бакиев 30 жылга, кенже уулу Максим Бакиев, Жаныш Бакиев, ошол кездеги премьер-министр Данияр Үсөнов өмүр бою эркинен ажыратылууга кесилген. Бакиевдин тун уулу Марат Бакиев 30 жылга соттолгон. Аларга сот чечими сыртынан чыккан. Күнөөлүүлөрдү Кыргызстанга экстрадиция жасоо аракетинен жыйынтык боло элек. (BTo)

XS
SM
MD
LG