Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:24

Иран менен 5 ири мамлекет өзөктүк көйгөй тууралуу байсалдуу сүйлөшүү жүргүзүүдө


Европалык дипломаттар АКШ менен Ирандын расмий өкүлдөрүнүн кыйыр сүйлөшүүлөрүнө көмөктөшкөн данакер катары иш алып барышууда. Вена шаары, Австрия. 2021-жылдын 6-апрели.
Европалык дипломаттар АКШ менен Ирандын расмий өкүлдөрүнүн кыйыр сүйлөшүүлөрүнө көмөктөшкөн данакер катары иш алып барышууда. Вена шаары, Австрия. 2021-жылдын 6-апрели.

Дүйнөнүн беш дөөлөтүнүн өкүлдөрү АКШ 2018-жылы бир тараптуу таштап кеткен 2015-жылдагы өзөктүк келишимди жандандыруу максатында Вена шаарында Ирандын расмий өкүлдөрү менен жолугушту.

Ирандын өзөктүк сүйлөшүүлөр боюнча башкы өкүлү Аббас Арагчи мырзанын мамлекеттик сыналгы каналына айтып бергенине караганда, 6-апрелде келишимдин калган тараптарынын – Германия, Кытай, Орусия, Улуу Британия жана Франциянын өкүлдөрү менен Иран тараптын сүйлөшүүлөрү "байсалдуу" маанайда болду.


Орусиянын Венадагы эл аралык уюмдардагы өкүлү Михаил Ульянов да сүйлөшүүлөрдүн башаты “ийгиликтүү” болгондугун билдирди.

АКШнын Мамлекеттик департаментинин өкүлү Нед Прайс билдиргендей, расмий Вашингтон Австриянын борборундагы талкууларды өздөрү “ирандыктар менен тикелей жолугушпаганына карабастан”, бул сүйлөшүүлөр “байсалдуу” жана “жаркын маанайдагы кадам” болду деп эсептейт.

Европалык дипломаттар болсо АКШ менен Ирандын расмий өкүлдөрүнүн кыйыр сүйлөшүүлөрүнө көмөктөшкөн ортомчу катары иш алып барышууда. Бул соңку экөөнүн делегациялары бири-бирине жакын мейманканаларда жайгашкан.

АКШнын президенти Жо Байден мурдагы президент Доналд Трамп бир тараптуу таштап кеткен келишимди кайра жандандырууга даяр экендигине ишара кылган, бирок анын өкмөтү оболу Иран өзөктүк милдеттенмелерине кайтып келиши керек деп билдирди.


Иран АКШнын экономикалык чектөөлөрдү 2018-жылы бир тараптуу кайра киргизгендигине жооп иретинде 2015-жылдагы өзөктүк келишимдеги айрым милдеттенмелерин аткаруудан бара-бара баш тартып келди. Маселен, кампасындагы урандын көлөмүн көбөйттү жана уранды байытуу деңгээлин жогорулатты.

Иран бийлиги АКШ өзөктүк келишимден баш тартуу жана чектөөлөрдү кайра киргизүү жолуна биринчи болуп түшүп, 2015-жылдагы келишимди өзү бузду, ошондуктан эң биринчи болуп расмий Вашингтондун өзү келишимге кайтуунун аргаларын жүзөгө ашырууга тийиш, деп эсептейт. (TT)

XS
SM
MD
LG