Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Ноябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:52

АКШ менен Иран Венада өзөктүк келишимдин келечегин талкуулайт


Европа Биримдигинин ортомчулугу астында АКШ менен Ирандын өзөктүк макулдашуу тууралуу сүйлөшүүлөрү 6-апрелде Австриянын борбору Венада башталат.

Бул Иран менен 2015-жылы жетишилген макулдашуу үзгүлтүккө учураган убактан бери сүйлөшүүлөрдү кайра калыбына келтирүүгө багытталган алгачкы аракет.

Бул сүйлөшүүлөргө эки өлкөнүн өкүлдөрүнөн сырткары Франция, Британия, Орусия, Кытай жана Германия дагы ортомчу жана байкоочу катары катыша турганы пландалган.

Вашингтон Ирандык өзөктүк программасы тууралуу сүйлөшүүлөрдү калыбына келтирүү үчүн жолугушуунун күн тартибин татаалдаштырбоону сунуштаса, Тегеран кепке келүү үчүн биринчи кезекте мурда коюлган санкцияларды алып салууну талап кылып келет.

Биз азыр бул жолугушуунун жыйынтыктары кандай боло турганына карата оң же терс маанайда эмеспиз. Бирок кандай болгон күндө дагы биз туура жолдобуз деген ишенимдебиз.” – деди Иран өкмөтүнүн өкүлү Али Рабиеи.

Ошондой эле ал АКШнын Өзөктүк макулдашууну калыбына келтирүү ниети ырасталса, анда бул болочок үчүн жакшы көрүнүш экенин билдирди. Бирок Тегеран АКШ менен эки тараптуу форматта гана сүйлөшүүлөрдү улантууга барбастыгын билдирген.

АКШнын Мамлекеттик департаменттинин расмий өкүлү Нед Прайс бул жолугушуудан жигердүү жыйынтык күтүүгө азырынча эртелик кыларын белгиледи.

2015-жылы Иран өзөктүк программасын кыскартса, ага салынган санкцияларды алуу макулдашылган. Бирок 2018-жылы бул макулдашуунун шарттары аткаруу үзгүлтүккө учураган.

XS
SM
MD
LG