Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:28

Касымалиева: жаштар арасындагы ажырымды диний ишмерлер азайта алат


Аида Касымалиева.
Аида Касымалиева.

Бишкекте Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия жана Кыргызстан мусулмандарын дин башкармалыгы уюштурган "Азыркы коомдогу ислам дининин баалуулуктарынын орду жана ролу" аттуу форум өттү.

Ага Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, парламенттин спикеринин милдетин аткаруучу Аида Касымалиева, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору Тойгонбай Абдыкаров, муфтий Замир Ракиев жана башка дин ишмерлери катышты. Спикердин милдетин аткаруучу Касымалиева өлкөдө түрдүү баалуулуктарды карманган жаштардын арасында ажырымды азайтуу үчүн диний ишмерлердин салымы керек экенин билдирди.

“Мени ойлонткон нерсе бар. Шаардагы жаштар башка, айылдагы жаштар башка. Кээде бир айылдын жаштары башка-башка баалуулуктар менен жашайт. Алар бири-бирин түшүнбөйт. Коом катары алдыга өнүгүү, ажырымды азайтуу үчүн сиздердин жардамыңар керек”, - деди Касымалиева.

Касымалиева аялдар укугу, үй-бүлөдөгү зомбулукту токтотуу үчүн дин ишмерлерин коомчулукка түшүндүрүү иштеринде көмөкчү болууга чакырды.

Иш-чарада мамлекет менен диндин ортосундагы карым-катнашынын негизи болгон светтик принципти бекемдөө, диний билим берүү тажрыйбасы жана багыттары жөнүндө талкуу болду.

Президент Садыр Жапаров 23-октябрдагы маалымат жыйынында сүйлөп жатып Кыргызстандын мектептери бардык диндерди бирдей окутууга өтөрүн айткан. Ал бул багытта башка өлкөлөрдүн тажрыйбасына таянып ишти баштоо тапшырмасы берилгенин билдирген.

Кыргызстан мамлекеттик башкарууга дин аралашпаган мамлекет экени Конституциянын 1-беренесинде жазылган. Статистика комитетинин маалыматына караганда, өлкө калкынын 80% ашууну мусулманчылыкты карманат. Өлкөдө 2,6 миңдей мечит, 100дөй медресе, 10 ислам институту бар. Жалпысынан өлкөдө 3 миңден ашуун диний уюм каттоодон өткөн. Христиан багытындагылардын саны 399, калгандары башка диндердин өкүлдөрү. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG