Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:08

УКМК: Тажикстанда кармалган кыргызстандык боюнча сүйлөшүү жүрүп жатат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) Чек ара кызматы Тажикстанда кармалып турган 24 жаштагы кыргыз жараны Айдар Хайдаров боюнча маалымат таратты.

Мекеменин басма сөз кызматы тараткан маалыматта Хайдаров 2021-жылдын 21-октябрь күнү Тажикстандын атайын кызматы тарабынан Лейлек районунун Сада аймагында кармалган деп айтылат.

“Алдын ала маалымат боюнча Хайдаров мамлекеттик чек араны мыйзамсыз өткөн деп айыпталып жатат. Ал атасы жашаган Тажикстандын Пахтакор аймагында кармалган”.

Атайын кызмат кыргызстандыкты мекенине кайтаруу боюнча эки өлкөнүн чек ара кызматы жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү эки жолу сүйлөшүү жүргүзүшкөнүн маалымдады. УКМК кармалган жаранды алып келүү үчүн бардык аракет көрүлүп жатканын белгилейт.

Айдар Хайдаровдун атасы Умарбай Хайдаров бийликке кайрылып, баласын алып келүүгө жардам сурап келет. Учурда Тажикстандын күч кызматтары кармалган кыргызстандык боюнча маалымат бере элек.

Быйыл апрелдин соңунда кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта 36 кыргызстандык курман болгон. Үйлөр, социалдык объекттер өрттөлүп, талкаланып, жарактан чыккан.

Тажикстан 19 жараны көз жумганын билдирген. Эки өлкө тең бири-бирин айыптап, кылмыш иштерин козгошкон.

Жаңжалдар негизинен такталбаган тилкелердин айынан болот. Учурда кыргыз-тажик чек арасын тактоо боюнча сүйлөшүүлөр бир айда эки жолу өтүп жатат. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG