Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:10

Өзбекстанда окуучуну сабаган мугалим иштен алынды


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Өзбекстандын Самарканд облусунун Пайарык районунда 8-класстын окуучусун сабаган математика мугалими иштен алынды. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар кабарлашты.

Маалыматка караганда, мугалим окуучуну кечигип келгени үчүн таякча менен сабап, анын буттары көгала болгон.

Кийинчерек Самарканд облустук элдик билим берүү башкармалыгы атайын түзүлгөн жумушчу топ менен биргеликте окуучунун апасынын кайрылуусун карап чыккан. Жыйынтыгында мугалимге карата дисциплинардык чара көрүлүп, ал иштен алынган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG