Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:35

Саакашвилинин соту башталды, 46 киши кармалды


Шаардык соттун алдына чогулган Михаил Саакашвилинин тарапташтары.
Шаардык соттун алдына чогулган Михаил Саакашвилинин тарапташтары.

Грузиянын баш калаасы Тбилисиде 2007-жылы оппозициянын митингин кууп таратууга байланыштуу өлкөнүн мурдагы президенти Михаил Саакашвилинин соту башталды.

Таң эртеден баштап шаардык соттун жана өкмөт үйүнүн алдына Саакашвилинин тарапташтары чогула баштаган. Тынчтык митингин көзөмөлдөөгө укук коргоо органдарынын кызматкерлери тартылган.

Учурда Грузиянын Ички иштер министрлиги 46 киши администрациянын имаратына кеткен жолду тосуп алгандыгы үчүн кармалганын кабарлады.

Чогулгандар бийликтен Саакашвилинин бошотулушун жана кезексиз парламенттик шайлоону өткөрүүнү талап кылышууда.

Грузиянын Жаза аткаруу кызматы Саакашвилини сотко алып келүүдөн баш тартканы белгилүү болду. Алар мындай чечимди Саакашвилинин ден соолугуна жана аны башка түрмөгө же ооруканага которууга тарапташтары тоскоолдук жаратышы ыктымал деген божомолдорго байланыштырган.

Грузиянын мурдагы президенти Михаил Саакашвили Грузияга Украинадан 29-сентябрда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына 2-октябрда өткөн шайлоо алдында учуп келген. Ал элди шайлоого барууга үндөп, анын эртеси Тбилисинин аянтына чогулууга чакырган. Бирок аны 1-октябрда мурда козголгон кылмыш иштердин негизинде кармап кетишкен. Камакка алынары менен саясатчы ачкачылык жарыялаган.

Саакашвили 8-ноябрда которулган ооруканада күзөтчүлөр тарабынан кыйноого кабылганын билдирген. Саакашвили адвокаты аркылуу жазган катында сакчылар өзүн "тилдеп, моюнга муштап, чачынан жерге сүйрөшкөнүн" жазган. Саакашвили өзүнүн абак ооруканасына которулушун "өлтүрүү максатында болду" деп эсептейт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG