Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:02

"Учур" театры XX сезонун Зайырбек Ажыматовго арналган спектакль менен ачты


Зайырбек Ажыматовдун ырына жазылган "Жүрөктөгү бороон" пьесасы. Бишкек. 10-ноябрь, 2021-жыл.
Зайырбек Ажыматовдун ырына жазылган "Жүрөктөгү бороон" пьесасы. Бишкек. 10-ноябрь, 2021-жыл.

"Учур" мамлекеттик жаштар театры Муса Жангазиев атындагы куурчак театрында өткөн XX театралдык сезонунун ачылышында "Азаттыктын" журналисти, акын, маркум Зайырбек Ажыматовдун өмүр бейнесине арналган "Жүрөктөгү бороон" аттуу пьесаны тартуулады.

Аны акын Сайра Батыркулова жазган. Режиссёру - Чыңгыз Мамаев. Чыгармада акындын ролун Жакшылык Кубатов ойноду.

"Учур" театры аталган спектаклди ушул жылдын башында даярдап, алгачкы жолу март айында Чыңгыз Айтматов атындагы орус драма театрынын сахнасына койгон.

«Азаттык» радиосунда маданият темасындагы окуяларды чагылдырып иштеген акын Зайырбек Ажыматов 2020-жылдын 29-апрелинде 44 жаш курагында капилет кан басымы түшүп, дүйнөдөн кайткан.

Акындын калемине таандык «Жалгыздык» (1996-ж.), «Мелмил» (2005-ж.), «Нөлү көп жылдар» (2011-ж.), «Жүрөктөгү бороон» (2019-ж.) деген ыр жыйнактары жарык көргөн. (MZh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG