Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:36

Лавров Евробиримдикти Беларуска жардам берүүгө чакырды


Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров.
Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров.

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Европа Биримдигине миграциялык кризиске байланыштуу Беларуска жардам көрсөтүүнү сунуш кылды.

Польша менен Беларус чек арасындагы кырдаал айрым мигранттар 8-ноябрда зым тосмону бузуп өтүүгө аракет жасагандан кийин курчуган.

“Мигранттарга байланышкан кризисти чечүү жоопкерчилиги албетте, анын пайда болушуна өбөлгө түзүп бергендерде. Экинчи аргумент – качкындарды кабыл алуу маселесинде кош стандарттуу саясаттан алыс болуп, Евробиримдиктин жалпы стандарттарына баш ийүү керек”, - деди Лавров.

2015-жылы Сириядан чыккан качкындар Европага агылганда Түркия алардын агымын басаңдата аларын айткан. Европага көмөктөшүүгө макул болгон. Евробиримдик мындай жардамга жооп катары акчалай төлөнгөн кенемтенин көлөмүн көбөйтүп, Түркиянын жарандары үчүн визасыз режим киргизүү боюнча сүйлөшүүлөрдү тездетүүгө киришкен.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG