Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июнь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:12

Бир катар бейөкмөт уюмдар Талант Мамытовдун талапкер болуп катталышын сындады


Талант Мамытов.
Талант Мамытов.

"Жалпы иш" коомдук фонду, "Таза шайлоо ассоциациясы", "Эгль" коомдук фонду жана "Социалдык технологиялар агенттиги" Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Талант Мамытовдун парламент депутаттыгына талапкер болуп катталышын сынга алган билдирүү таратышты. Алар Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 9-ноябрдагы отурумунда 24-октябрда кабыл алган №857 токтомуна өзгөртүү киргизип, “Ынтымак” саясий партиясынын тизмеси менен депутаттыкка көрсөтүлгөн ЖК төрагасы Талант Мамытовду талапкер кылып каттаганына нааразылык билдиришүүдө.

Билдирүү ээлери Талант Мамытов парламенттин төрагалыгын тапшырууда мамлекеттик кызматты ээлеген талапкерге коюлган нормаларды аткарбаганын белгилеп, "Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Конституциялык мыйзамдын 21-беренесинин 2-бөлүгүн одоно бузганын айтышууда.

Алар БШКнын Мамытовду ЖК депутаттыгына талапкер кылып каттоодон баш тарткан чечими Конституциялык мыйзамдын ченемдерине негизделгенин белгилешет.

"Мындай кырдаалда Жогорку сот бул ишти кароо боюнча өзүнө жүктөлгөн милдеттерди аткаруудан баш тартты деп эсептейбиз, бул өлкөнүн сот түзүмүнүн беделине жакшы пикир жаратпайт. Жогорку сот бул маселе боюнча акыркы чекит коё турган чечим чыгарышы керек эле. Бирок, тилекке карышы бул ишке ашкан жок", - деп жазылган билдирүүдө.

24-октябрда Боршайком Талант Мамытовду парламенттик шайлоого талапкер кылып каттоодон баш тарткан. Бишкектин административдик соту 28-октябрда БШКнын чечимин жокко чыгарган. Боршайком бул чечимдин үстүнөн Жогорку сотко кассациялык арыз жолдогон. Жогорку сот арызды 2-ноябрда карап, ал Административдик-процессуалдык кодекстин талаптарына жооп бербейт деген негиз менен артка кайтарган. БШК 2-ноябрда Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы, "Ынтымак" партиясынын тизмеси менен шайлоого катышып жаткан Талант Мамытовдун партиянын тизмесинен алып салуу өтүнүчү менен Жогорку сотко кайрадан кайрылган.

Жогорку сот БШКнын өтүнүч арызы "мөөнөтүнөн кеч берилди" деген жүйө менен 4-ноябрда артка кайтарган.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 28-ноябрда болот. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG