Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:10

БУУнун сессиясында Матраимов жана "Азаттыктын" кабарчысы тууралуу суроо берилди


Эмилбек Кимсанов жана Райымбек Матраимов. "Азаттыктын" коллажы.
Эмилбек Кимсанов жана Райымбек Матраимов. "Азаттыктын" коллажы.

Кыргызстан 10-11-ноябрда Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) кезектеги сессиясында кыйноолорго байланыштуу баяндама жасап жатат. Бул тууралуу "Кыйноолорго каршы коалициясы" уюму маалымдады.

Сессия учурунда БУУнун өкүлдөрү Кыргызстандагы коррупцияга айыпталган бажы кызматынын төрагасынын мурунку орун басары Райымбек Матраимовдун иши, аны иликтеген "Азаттык", "Клооп" жана OCCR иликтөөсүнө кызыгышты. Алар бул иликтөөдөн соң куугунтук көргөн журналисттер тууралуу да маалыматтарды сурашты.

"Раим миллион" атыккан Райымбек Матраимовдун өкүл баласы деп айтылып жүргөн Эмилбек Кимсанов кармалып, камалган учурунда ага "Прагага барып, "Азаттыктын" журналисти Али Токтакуновду алып келесиң" деген тапшырма болгонун билдирген.

Сессияда балдар укугунун корголушу, маркум укук коргоочу Азимжан Аскаров, абактардагы кыйноолор, жабык жайлардагылардын укуктары, кыздарды эркине каршы уурдоо, үй-бүлөлүк зомбулук жана башка маселелер боюнча Кыргызстанда жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берилди.

Улуттар уюмунун өкүлдөрү сессиянын жүрүшүндө Кыргызстанда кыйноо фактыларын иликтөө Башкы прокуратурадан Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетине (УКМК) өткөнүнө тынчсыздануусун билдиришти.

"УКМК адамдарды кармап, камап жатып, алардын кармалган учурундагы укугу бузулганын кантип иликтейт?" - деген суроолор берилди.

"Кыйноолорго каршы коалициясы" уюмдун өкүлдөрү БУУнун сессиясына онлайн көз салып, "Клооп" басылмасы менен бирге маалымат берүүдө.

Сессияда Кыргызстандан юстиция министринин орун басары Канатбек Сманалиев баш болгон өкүлдөр баяндама жасап жатат. Сманалиев кыйноолорду алдын алуу үчүн жабык жайларда видео көзөмөлдөр орнотулганын айтып берди. Ал эми БУУнун өкүлдөрү мамлекеттик жактоочулар аймактарда жетишсиз экенин белгилешти.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG