Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:02

Меркел Путинден миграция кризисин токтотууну өтүндү


Германиянын канцлери Ангела Меркел жана Орусиянын президенти Владимир Путин.
Германиянын канцлери Ангела Меркел жана Орусиянын президенти Владимир Путин.

Германиянын канцлери Ангела Меркел Орусиянын президенти Владимир Путин менен телефондон сүйлөшүп, мигранттарды курал катары колдонууну токтотуу максатында Беларуска таасир этүүнү өтүндү.

Меркел Беларус режиминин мигранттарды курал кылып колдонуп жатканын адамкерчиликсиз жана кабыл алынгыс деп сыпаттап, Путинди беларус кесиптеши Александр Лукашенкого болгон “таасирин колдонуп” кризиске чекит коюуга чакырды. Бул тууралуу бүгүн, 10-ноябрда Меркелдин басма сөз катчысы Штеффан Зайберт "Твиттерге" жазды.

Ошол эле сүйлөшүү тууралуу Кремль тараткан билдирүүдө Путин Евробиримдикке Минск менен түздөн-түз байланышып, маселени чечүүгө аракет кылууну сунуштаганы жазылган.

Акыркы айларда Жакынкы Чыгыштан, Түштүк Азиядан жана Африкадан чыккан миңдеген мигранттар Евробиримдикке мүчө болгон Польшанын, Латвиянын жана Литванын аймагына Беларустан мыйзамсыз кирүүгө аракет көрүп жатышат.

Евробиримдик бул үчүн Беларустун лидери Александр Лукашенкону айыптап, муну былтыркы талаштуу президенттик шайлоодон кийин киргизилген санкциялар үчүн Брюсселден өч алуу катары баалады.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG