Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:06

БШК талапкер Улан Примовго үгүт мыйзамын бузганы үчүн эскертүү берди


Улан Примов
Улан Примов

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 10-ноябрдагы отурумунда Жогорку Кеңештин депутаттыгына №11 Алай округунан талапкер Улан Примовдун үстүнөн түшкөн арызды карады.

Арыз ээлери Улан Примов 28-ноябрда шайлоо өтөрү аныкталган соң сентябрь айында өзүнүн соцтармактардагы баракчасына кайрымдуулук иштерин жарыя кылганына даттанышкан.

Анда "Примов Жошолу айылынын тургунуна элдин көзүнчө үйдүн ачкычын тапшырганын, айрым үй-бүлөлөргө акча жана кышкы кийимдерди бергени, мугалимдер күнүндө сынакта утуп чыккан окутуучуларга Ысык-Көлгө эс алууга жолдомо жана башка баалуу белектерди бергени" тууралуу айтылган. Ошондой эле, Мады жана Керме-Тоо айылдарынын ортосундагы мелдештин жеңүүчүлөрүнө чет өлкөгө жолдомо менен автоунаа белек кылганы жазылган.

Отурумда БШК бул арызды 3-ноябрда Ош облустук ички иштер башкармалыгына жибергени, 4-ноябрда облустук милиция "курамында кылмыш жок" деген негиз менен ишти жаап койгону белгилүү болду.

БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова Шайлоо тууралуу мыйзамдын 24-беренесинин 4-бөлүгүндө каралган бузуулар талапкердин катталышын жокко чыгарууга негиз берерин белгилеп, бирок боршайком милициянын корутундусун көңүлгө аларын билдирди. Анын айтуусунда Башкы прокуратура үгүт учурунда козголгон иштердин жабылышын текшерүүгө алууда.

Отурумундун аягында БШК талапкер Улан Примовго жазуу түрүндө эскертүү берди.

Улан Примов Жогорку Кеңештин 6-чакырылышына КСДП аркылуу шайланып келген. Көмүр кендери жана "Ош пирим" аталышындагы телеканалы бар.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 28-ноябрда өтөт. Бул ирет Жогорку Кеңешке 90 депутат келет. Анын 54тү партиялык тизме менен 36сы бир мандаттуу округдардан шайланат. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG