Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:28

Түрк кеңешине мүчө өлкөлөрдүн экономикалык дымагы


Түрк тилдүү өлкөлөрдүн өкүлдөрү катышкан бизнес-форум. Стамбул.
Түрк тилдүү өлкөлөрдүн өкүлдөрү катышкан бизнес-форум. Стамбул.

10-ноябрда Стамбулда түрк тилдүү мамлекеттердин бизнес форуму өттү. Түркиянын Палаталар жана товардык биржалар союзу жана Түрк кеңеши тарабынан уюштурулган иш-чарага Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Азербайжан, Түркия жана Венгриядан делегациялар катышты.

Бизнес-форумга түркиялык эң ири компаниялардын өкүлдөрү келди. Алар энергетика, жеңил өнөр жайы, тамак-аш өнөр жайы, нанотехнология, фармацевтика, айыл чарба, логистика, машина куруу жана башка чөйрөлөрдө иш алып барат.

Түркиянын Палаталар жана товардык биржалар союзунун жетекчиси Рыфат Хисаржыклыоглу.
Түркиянын Палаталар жана товардык биржалар союзунун жетекчиси Рыфат Хисаржыклыоглу.

Форумда сөздү алгач Түркиянын Палаталар жана товардык биржалар союзунун жетекчиси Рыфат Хисаржыклыоглу алып, түрк дүйнөсүндөгү экономикалык интеграцияга көңүл бурду.

"Биз бир тууган өлкөлөр катары экономикалык карым-катнашты мындан ары да улантышыбыз керек деп ойлойм. Түрк кеңешине мүчө өлкөлөрдүн ортосунда жалпысынан 1 триллионго жакын товар алмашуу мүмкүнчүлүгү бар. 160 миллион калкыбыз бар. Бул сандар мындан ары чогуу кадам жасоого мүмкүнчүлүк бар экенин, дүйнө жүзүнө чоң күчүбүздү көрсөтүүгө убакыт келгенин көрсөк болот. Ал үчүн алгач өлкөлөр арасындагы экономикалык интеграцияны күчөтүшүбүз керек".

Стамбулдагы иш-чарага кыргызстандык ишкерлердин жоон тобу келди. Делегациянын башында Соода-өнөр жай палатасынын вице-президенти Роман Касымов, 22 ишкер аял менен катышты. Касымов Стамбулдагы жыйынга өзгөчө аял ишкерлердин катышып жатканына басым жасады.

Соода-өнөр жай палатасынын вице-президенти Роман Касымов.
Соода-өнөр жай палатасынын вице-президенти Роман Касымов.

"Бул делегацияда аялдардын саны көп. Анткени Түркиянын Палаталар жана товардык биржалар союзунун аялдар коммитети бар. Мындан улам алар менен биргелешип өзгөчө аял өндүрүүчүлөрдү колдоп жатабыз. Бир ай мурун биздин палатада да аялдар комитети түзүлдү. Пандемиядагы статистикага көз салсак, дал ушул аял ишкерлердин бизнеси кризиске учурабаптыр. Андыктан бул форумда делегациялардын мүчөлөрү бетме-бет сүйлөшүп, иштеп жатышат", - деди Касымов.

Кыргызстандык ишкерлердин бири Кундуз Асаналиева бизнес-форумга бул ирет Кыргызстандан көбүн эсе аял ишкерлер келгенин, түрк тилдүү мамлекеттер арасында ийгиликтүү жолугушуулар болуп жатканын баса белгиледи.

Кундуз Асаналиева.
Кундуз Асаналиева.

"Азыр коңшу Өзбекстан, Казакстан, Азербайжандын ишкерлери менен бизнес интеграция боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Өзгөчө түрк тилдүү мамлекеттердин ишкерлери тажрыйба алмашып, өнүгүүнүн жолдорун издешибиз керек. Биз экономикалык жактан мамлекетке кандай салым кошо алабыз деген суроонун үстүндө иштеп жатабыз".

Бизнес-форумдун алкагында ишкерлерге бетме-бет сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн атайын платформа курулганы кабарланды. Анда негизинен өндүрүш тармагында иш алып барган ишкерлер катышып жатат.
Иш-чара 11-ноябрда Стамбул шаарында уланары белгилүү болду.

Белгилей кетсек, экономикалык кызматташтык боюнча сөз президенттер Садыр Жапаров менен Режеп Тайып Эрдогандын быйыл 9-июндагы жолугушуусунда да айтылган.

Анда Эрдоган товар жүгүртүүнүн көлөмүн 1 миллиард долларга жеткирүү тууралуу бир топ жылдан бери айтылып келген планды кайталап, Кыргызстан менен Түркиянын ортосунда учак каттамдары көбөйө турганын жарыялаган.

Түркиянын Статистика комитетинин маалыматына ылайык 2021-жылдын октябрь айына карата Кыргызстан менен Түркиянын ортосунда 529 миллион долларга соода жүргүзүлгөн. 2020-жылдын ноябрь айына чейин бул сан 449 миллион долларга жеткен.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG