Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:06

Милиция аялын сабаган киши камакка алынганын билдирди


Милиция тараткан шектүүнүн сүрөтү.
Милиция тараткан шектүүнүн сүрөтү.

Бишкектеги соода борборлорунун биринин алдында аялына кол көтөргөн киши кармалды. Бул тууралуу Свердлов райондук ички иштер бөлүмү кабарлады. Милициянын маалыматына ылайык, 28 жаштагы шектүү убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда тергөө жүрүп жатат.

Буга чейин Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы факт Кылмыш кодексинин 266-беренесинин ("Бейбаштык") негизинде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталганын маалымдаган.

Эркек киши аялды башы менен сүзүп, сабаганы тартылган видео социалдык трамактарга тараган. Окуя 8-ноябрда күндүзгү саат экиге жакын, Бишкектеги соода борборлорунун автоунаа токтотоочу жайында болгонун күбөлөр жазышкан. Милиция алар жубайлар экенин, учурда териштирүү жүрүп жатканын билдирди.

Коомдук жайда аялына кол көтөрүп, зомбулук көрсөткөн учурлар буга чейин дагы кездешкен. Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, жыл башынан бери 7665 үй-бүлөлүк зомбулук окуясы катталды. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу дээрлик 30% көп. Башкы прокуратуранын эсеби боюнча, 2019-жылы 6145 үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталган. 90% ашык учурларда аялдар жабыр тартат. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG