Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:20

Ташиев: Добуш сатып алуу фактысына көңүл бурбагандар жазаланат


 Камчыбек Ташиев
Камчыбек Ташиев

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев парламенттик шайлоодо талапкерлердин добуш сатып алуусуна жол берилбесин эскертти. Ал бул тууралуу 10-ноябрда атайын кызматтын Кара-Көл шаарындагы жаңы имаратынын ачылышында сүйлөп жатып айтты.

Ташиев бул жолку шайлоо "мурункуларынан түп-тамыры менен өзгөчө таза өтөрүн", "мамлекеттик кызматкерлер шайлоого аралашпай турганын", "административдик ресурстар колдонулуусуна жол берилбесин" эскертти.

"Биздеги маалыматтарга караганда, айрым талапкерлер шайлоого аз калганда добуштарды сатып алууну көздөп жатат. Шайлоого бир жума калгандан тартып, УКМКнын кызматкерлери уктабай, күнү-түнү көзөмөл кылуулары керек. Добуш сатып алуу фактысына көңүл бурбай койгон кызматкерлер жазага тартылат", - деди Ташиев.

УКМК төрагасы ошондой эле айрым талапкерлер үгүт учурунда өзүнүн программасын тааныштыруунун ордуна, атаандаштарын каралоо менен алектенип жатканын сынга алды.


"Сагызгандай шакылдаган талапкерлер тилинин азабын тартат. Алар ар бир сөзүнө жооп берет. Мамлекет аларга эл менен жолугушуп, программаларын тааныштыруусуна шарт түзүп берип жатса, алар мамлекет башчыны жана башка кызматкерлерди каралаган жалган маалыматтарды таратууда".

Ташиев шайлоо мыйзамдарын бузган талапкерлер добуш берүү бүткөндөн кийин да, коомдогу атагына, мамлекеттик кызматтардагы тууган-урук, жердештерине карабай жоопко тартыларын айтты.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 28-ноябрда өтөт. Ага 21 саясий партия, бир мандаттуу округдардан 300дөн ашуун талапкер ат салышууда. Жаңы мыйзамдарга ылайык, аралаш система менен өтүүчү шайлоодо парламенттеги 90 орунга 54 депутат партиялар аркылуу, 36 депутат бир мандаттуу округдардан шайланып келет. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG