Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Июнь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:06

Жаныш Бакиев өмүр бою эркинен ажыратылды


Мурдагы президент Курманбек Бакиевдин иниси Жаныш Бакиевди сыртынан өмүр бою эркинен ажыратуу өкүмүн Сузак райондук соту чыгарды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Жаныш Бакиевге 2005-жылдын 24-мартында тоноочулук уюштурган, Улуттук банктын Жалал-Абад облусундагы башкармалыгынан 22 млн. долларды уурдаган деген айыптар тагылган. Андан сырткары, 2010-жылдагы апрель окуясында куралчан топ түзүп, адам өмүрүн кыйган деген күнөө менен да айыпталып жаткан.

Жаныш Бакиев 2010-жылдагы апрель окуясынан соң өлкөдөн качып кеткен. (SE)

XS
SM
MD
LG