Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:02

Курманбек Бакиев: Кан төгүлүп кетпесин деп ойлодум


Бийликтен кулатылган Курманбек Бакиев иниси Жаныш Бакиев менен Ош шаарындагы митингде, 15-апрель, 2010-жыл.
Бийликтен кулатылган Курманбек Бакиев иниси Жаныш Бакиев менен Ош шаарындагы митингде, 15-апрель, 2010-жыл.

7-апрелде элдик ыңкылаптын күчү менен бийликтен кулатылган Кыргызстандын мурдагы президенти Курманбек Бакиевдин "Азаттык" менен болгон маеги.

- Саламатсызбы, Курманбек мырза. Биздин суроолорубузга жооп берүүгө макул болгонуңуз үчүн рахмат. Сиз мына алыста жүргөнүңүзгө бир айдай болуп калды. Кандай болсо дагы Кыргызстандан, асыресе кичи мекениңизден кабар алып турсаңыз керек. Ал жердеги окуялар жөнүндө эмне деп ойлойсуз?

- Эми кабар алып турам, айрыкча жанагы өзүңүз айткандай кичи мекенде болгон окуяны угуп, абдан капа болдум. Эми мыйзамсыз десем да туура келет. Бирок мындай болот деп эч кимдин оюна да келбесе керек. Ошол жерден 90го чыккан аксакалдын үйүн өрттөшүп, ал киши Улуу Ата Мекендик Согуштун катышуучусу. Анын күнөөсү эмне? Же болбосо менден кийинки ыраматылык Жусуп Салиевич 2006-жылы каза болгон, ал ошол тамды тогуз жылдан ашуун салган. Там деле баягы чоң бизнесмендердин үйлөрүнөн эмес, баргандар билет. Аны өрттөп эмне кылат? Анын күнөөсү эмне? А тиги айыл өкмөтү болуп иштеген Каныбек Салиевич, ал мен президент болгуча эле өкмөт башчы болуп шайланган. Кийин эки жылдык мөөнөткө да шайланган, анан мөөнөтү бүткөндөн кийин ишин тапшырып, жумушсуз эле жүрбөдүбү. Ал 10 жылдан ашуун үйүн салган, ага да бир туугандар жардам бергенбиз. Аны өрттөп эмне кылат? Эми башаламан, чаң-тополоң эле болуп жатат. Булар убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү деле, жанагы жергиликтүү бийликтин башчылары деле элдин камын ойлобой, мамлекетти ойлобой, жекеме-жеке кандайдыр бир эсептешүүгө чыкканбы, билбейм.

- Бул жерден биздин окурмандарыбыздын бир пикирин келтире кетейин. Ошол жердегилер жөнүндө. "Мен туура эмес деп ойлойм. Бирок эл, чоңдор көрсүн. Эмкиси дагы Акаевдин, Бакиевдин артынан кетчү болсо аларды мындан дагы жаман кылыш керек" - деп жазыптыр. Сиздин кабарыңыз бар болсо керек. Кечээ Жалал-Абадда тополоң учурунда дагы эки киши каза тапты, 70тей адам жарадар болду. Убактылуу өкмөт бул жолу да "кооптуу козголоңду Бакиевчилер уюштурду" деген билдирүү жасады. Сиз буга кандай жооп кайтарасыз?

- Эми азыр Убактылуу өкмөт эмне болсо да Бакиевдерге жүктөй берет. Булардын башка жолу жок. Себеп дегенде, мамлекетти башкаруу колунан келбей жатат. Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнүн бардыгын кыргыз эли абдан жакшы билет. Кимиси кайсы кызматта иштегенин, кантип иштегенин. Башкара албай жатпайбы. Элдин камын көрүш керек эле, элди ойлош керек эле, экономиканы айтпай эле коёюн, канча жыл артка кетти. Мамлекеттин, биздин атуулдарыбыздын коопсуздугун камсыз кыла албай жатышат.

-Коопсуздукту камсыздоо үчүн ушундай тополоңдорду токтотуш керек да. Мисал үчүн, биздин ошол эле угармандар, окурмандарыбыздын жазгандарына таянайын. Бакиевчилердин, Бакиевдин үй-бүлөсүнүн атынан акча таратылып жүргөнүн эл өзү жазып жатат.

- Эми мындай акча таратмай турмак, азыр сурап көрсөңүз. Менин бир туугандарым кимиси кайда, кантип жүрөт, баарынын үстүнөн иш козгоп, бардыгы башаламан, бири-бири менен байланышмак турмак, чачыранды болуп жүрүшөт. Кантип алар азыр ошондой акыбалда акча берип, бирдеме уюштура алмак эле. Эч кандай ал туура эмес, ал жалган сөз, мунун баардыгы өзү эле калп.

- Ошол сиз жакындарыңыз жөнүндө айтып калдыңыз, интернетте Максим жана Жаныш Бакиевдердин телефон сүйлөшүүсү делинген тасма тарады. Сиз балким аны угуп чыксаңыз керек. Ошол тасмада айтылгандарга ишенсек, уулуңуз менин иниңиз төңкөрүш, бийликти басып алууну пландап жатыптыр. Сиз алар менен байланышып турасызбы?

- Мен ачык айтып коёюн, бир туугандарымдын бири менен да байланышта эмесмин азыр. Себеп дегенде, эгерде мен бирөө менен сүйлөшсөм, балдарым болобу, бир туугандарым болобу, бирөө менен байланышка чыксам, азыр сиз айтып жаткан иштердин баарын мага жүктөшөт. Ошондуктан, мен бири менен да байланышка чыккан эмесмин жана чыкпай жатам.

- Ошол тасмада Максим Бакиев "Биз шефти, мындайча айтканда, сизди бийликке алып барышыбыз керек" - деп жатат. Бирок сиз ага "жок" деп көнбөй жатыптырсыз, ошол туурабы?

- Мен Кыргызстандан, айылдан чыгып баратканда, Назарбаев, Путин менен ушинтип сүйлөшкөнбүз. Ушул түндүк-түштүк болуп, катуу, мындай бир согуш чыгып кетпесин, чабышып кетпесин эки жактагы эл дедим. Ошондуктан мен анда берки коллегалар менен сүйлөшкөндөн кийин чыгайын дедим. Бирок эгерде артыман куугунтук кылбай, бир туугандарымдын артынан түшпөй, мамлекетте стабилдүүлүк боло турган болсо, мейли Кыргызстандан чыгып кетейин дедим. Ошонун негизинде мен чыгып кеткем. А ошондон бери эмне болуп жатат мына.

- Сиз демек уулуңуз Максим менен байланышкан жоксуз?

- Жок.

- Уулдарыңыз Максим, Марат кайда жүрүшөт?

- Балдарым менен дагы... Мен эми мындай кылалы, азыр менин балдарымды тим эле койсок, туугандарымдын абалы өтө оор.

- Түшүнүктүү. Бирок Максим Бакиев менен Жаныш Бакиевдин телефон сүйлөшүүсү делген тасма тарап кетти. Азыр кыргызстандыктардын көбү эле ошол интернет, Youtube каналынан аны көрүштү. Ошондой иш чындыгында болсо, "токтогула, андай аракетти кылбагыла, кан төгүлбөсүн" - деп айтасызбы?

- Сөзсүз, себеп дегенде мен айткандай, азыр Кыргызстанга кайра бара турган эч кандай шарт жок, мүмкүнчүлүк жок. Менин оюм да жок. Биринчиден, мен өткөндө эле айткам, бул чыныгы куралдуу төңкөрүш болду. Куралдуу төңкөрүштүн негизинде эч кандай күнөөсү жок балдар каза болду. Ошондуктан, убакыт өткөндө баары такталат. Мен буга ишенем. Бирок бир топ убакыт керек. А мени эгерде жанагындай тиги балдар өз ара сүйлөшүп тигиндей-мындай аракет кылып, эми алар өздөрүнчө. Мүмкүн ошондой ойлору бардыр, болгон болсо керек, бирок мен буга өткөндө эле жооп бергем, андай оюм жок деп.

- Демек, сиз аларга дагы "токтогула, антпегиле" деп айтасыз?

- Сөзсүз

- Анан Жалал-Абаддагы, түштүктөгү тарапташтарыңызга эмне деп айтат элеңиз? Кан төгүүнү болтурбагыла деп айтасызбы?

- Эмне дейт элем, мен жалпы кыргыз элиме айтат элем, биринчиден, кандай гана иш болбосун, акыл менен кылыш керек, сабырдуулукка чакырат элем. Бийликте турган бүгүнкү Убактылуу өкмөт мүчөлөрүн, жергиликтүү бийликтин жетекчилерин сабырдуулукка чакырат элем. Акыл менен иш кылалык, эмоцияга алдырбайлы. Эмоцияга берилгенден кийин ошондой ар кандай абал курчуп, эки жак тирешип, башка жак да тирешип, абал мындан да оор болуп кетиши мүмкүн. Ошого жеткирбеш үчүн кичине токтолуш керек. Эмоцияга берилип, анан жанагындай, кызуулукка алдырып чечим кабыл алган туура эмес. Мен угуп жатам. Азыркы өкмөт мүчөлөрүнүн колдоосу менен тиги Бишкекте эмне болуп жатканын, чакан ишканалар, бизнесмендердин мүлкүнө кол салышып, иши кылып коркутмай, үркүтмөй. Бул азыркы келгендер баары эле демократия, демократия деп жүрчү эле. Бирок демократиянын жыты да жок азыр.

- Курманбек мырза, сиз "Мен Кыргызстанга кайтып барбайм"- деп дагы кайталадыңыз. Тарапкерлериңизге "менин таламымды талашпай эле койгула, тынчыгыла" - деп айта аласызбы?

- Мен ойлойм, мындай азыр ал жакта менин таламымды талашпай эле, маселе башка жакта болуп жатса керек. Мен эми алыста жүргөн үчүн ачык айтып коёюн, Интернетке чыккан маалыматтан башка менде маалымат жок. Бирок азыр менин таламымды талашып эл көчөгө чыккан жок. Азыр жергиликтүү бийликтин, Убактылуу өкмөттүн башкаруусуна нааразы болуп, эл чыгып жатса керек деп ойлойм.

-Бир айдан кийин Кыргызстанда жаңы конституциянын долбоору элдик добуш берүүгө коюлат. Аны менен бирге Роза Отунбаевага өткөөл мезгилдин президентинин ыйгарым укуктарын жүктөө маселеси да коюлмакчы. Ушундай жагдайда сиз өзүңүздү дагы деле президент деп эсептейсизби?

- Эми мен билдирүү (заявление) кылып кетпедим беле. Ушундай окуя, куралдуу төңкөрүш даярдалып жатканын алдын ала билгенибизде мүмкүн ОДКБга кайрылып, башка мамлекеттерге кайрылып, мындайга жол бербешке аракет кылат элек. Бирок эми мындай кандуу окуя болду, ошондуктан, булар эми мамлекеттик башкаруу системасын өзгөртөбүз деп жатат. Парламенттик формага өткөрүшөт деп уктум. Бирок андай системада бизде экономиканы өздөштүргөнгө шарт түзүлбөйт, парламенттик формага келгенден кийин ар бир партия өзүнүн кызыкчылыгынын артынан иштеп, депутаттар топ-топ болуп бөлүнүп, парламенттин ишин жакшы билесиңер өзүңөр деле. Биз мына эми араң нукка салып койдук элек, бул деле болбой калды. Конституциялык реформа кылса эми ага эл өзү деле баасын берет. Бирок мындай система эффект бербейт.

- Ошол сиз партия жөнүндө айтып кеттиңиз. "Ак Жол" партиясынан чыгып жаткандар көбөйдү. Ошол адамдар башынан эле бийликке жагынуу үчүн партияга кошулганбы, же лидери жок партиянын мындан ары иши жүрүшпөйт деп санагандарбы?

- Эми мунун себеби ар кандай болушу мүмкүн. Кандай гана партия болбосун, ал жакка жанагындай капыстан кирип калгандар болушу мүмкүн. Жөн эле баягы "Ак Жол" партиясынын катарына киргендер. Баягы орусча айтканда "случайный" кишилер болуп калышы мүмкүн. Ар кандай болушу мүмкүн. Ал эми партияга киреби, чыгабы - ар бир атуулдун өзүнүн укугу.

- Рахмат, Курманбек мырза. Биздин эфирдеги убактыбыз тар, биз ушуну менен маегибизди жыйынтыктайлы.

- Аман болгула, саламатта тургула.

XS
SM
MD
LG