Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:32

Шайлоо-2021: Өзгөн мэриясынын короосундагы талапкердин штабы жөнүндө маалымат текшерилет


Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Кайрат Маматов Ыдырыс Исаковдун "Ютуб" каналында жарыяланган "Өзгөн мэриясынын короосунда талапкер Элмурза Сатыбалдиевдин штабы" жөнүндө маалымат текшерилерин “Азаттык” радиосуна маалымдады.

"Ал видеону көрүп чыгалы. Бузуу болсо чара көрүлөт. Негизи талапкерлерге мамлекеттик имараттардын жанынан штаб ачпоого чакырганбыз", - деди Маматов.

Азырынча талапкер Элмурза Сатыбалдиев штабынын өкүлдөрү менен байланышууга мүмкүнчүлүк боло элек. Ал эми Ыдырыс Исаковдун "Ютуб" каналында жарыяланган видеодо мэрия өкүлү мамлекеттик имараттын короосундагы кеңсе ижарага берилгенин айткан.

№12 бир мандаттуу Өзгөн шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутаты Аалы Карашев, Өзгөн техникалык окуу жайында окутуучу Манасмиң Жумакадыр уулу, мурдагы транспорт министри Бакыт Бердалиев жана мурдагы баш прокурор Элмурза Сатыбалдиев талапкер болуп катталган. Бирок, 8-ноябрда Аалы Карашев шайлоого катышуудан баш тарткан.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 28-ноябрда өтөт. Жогорку Кеңеш эми 90 депутаттан куралып, беш жылга шайланат. 90 депутаттын 54ү партиялык тизмеден, 36сы бир мандаттуу аймактардан шайланып келет. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG