Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:08

"Кыйноолорго каршы коалициясы” БУУга кыйноо боюнча өзүнчө баяндама тапшырды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

"Кыйноолорго каршы коалициясы" уюмунун юристи Ерлан Алимбаев Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Кыйноолорго каршы комитетине өлкөдөгү кыйноого байланышкан абал жөнүндө альтернативдүү баяндама даярдап, тапшырганын “Азаттык” радиосуна маалымдады. Ал баяндамада өлкөдөгү кыйноого каршы аракеттердин натыйжасы жана кемчиликтери белгиленген.

Юрист Кыргызстандын расмий баяндамасынан айырмачылыгы катары уюмдун документинде кыйноого кабылгандарды коргоодогу мыйзамдардын мүчүлүштүгү, жабык жайларда укук коргоочулардын укуктарынын чектелиши жана БУУнун сунуштарынын эске алынбай жатканы жазылган. Толук текстти бул жактан окуңуз.

10-11-ноябрь күндөрү Кыргызстан кол койгон Конвенцияга ылайык, Бириккен Улуттар Уюмуна (БУУ) кыйноо жана башка кысым көрсөткөн мамилеге каршы иштер боюнча баяндама жасап жатат. Женевадагы сессияга Кыргызстандан юстиция министринин орун басары Канатбек Сманалиев баш болгон өкүлдөр барган.

Сессияда балдар укугунун корголушу, маркум укук коргоочу Азимжан Аскаров, абактардагы кыйноолор, жабык жайлардагылардын укуктары, кыздарды эркине каршы уурдоо, үй-бүлөлүк зомбулук жана башка маселелер боюнча Кыргызстанда жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берилди.

Улуттар Уюмунун өкүлдөрү сессиянын жүрүшүндө Кыргызстанда кыйноо фактыларын иликтөө Башкы прокуратурадан Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетине (УКМК) өткөнүнө тынчсыздануусун билдиришти. БУУнун өкүлдөрү баяндамага байланыштуу бир катар сунуш-пикирлерин айтып жатат. (TSh)

XS
SM
MD
LG