Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:38

ИИМ Жаныш Бакиевдин сүрөтүн илгени үчүн кечирим сурады


ИИМ тараткан сүрөт.
ИИМ тараткан сүрөт.

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы (БМЖККК) Жаныш Бакиевдин сүрөтүн илгени үчүн коомчулуктан кечирим сурады.

ИИМдин басма сөз кызматы тараткан маалыматта жаңылыштык менен илинген сүрөт тактадан алынганы кабарланган.

10-ноябрда Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы мурдагы жетекчилеринин сүрөтү илинген тактаны ачуу аземин өткөргөн. Жетекчилердин тактасында мурдагы президент Курманбек Бакиевдин иниси, өмүр бою сыртынан соттолгон Жаныш Бакиевдин генерал-лейтенант формасын кийген сүрөтү да илинген.

Жаныш Бакиев – 2010-жылы бийликтен кулатылган президент Курманбек Бакиевдин бир тууган иниси. Агасы бийликте турганда Мамлекеттик күзөт кызматын жетектеген.

2010-жылы апрель окуясынан кийин өлкөдөн качып кеткен Жаныш Бакиев 2013-жылы сыртынан өмүр бою кесилген. Анын бардык чиндери алынган.

Жаныш Бакиев 2005-жылдын 24-мартында талап-тоноо уюштурган, Улуттук банктын Жалал-Абад облусундагы башкармалыгынан 22 млн. долларды уурдаган деген айып тагылган. Мурдагы президенттик администрациянын жетекчиси Медет Садыркулов жана башка адамдарды өлтүргөн деп айыпталган.

Апрель окуясы боюнча баш-аягы 30га жакын кишиге кылмыш иши козголгон. Анын ичинен далилдер жетишсиз деген негизде Мамлекеттик күзөт кызматынын 14 кызматкери акталган.

Расмий маалымат боюнча, Бишкекте 2010-жылдын 7-апрелиндеги элдик толкундоолордун натыйжасында 80ден ашуун адам окко учкан, 500дөн ашууну жараат алган. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG