Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:08

Саакашвили ачкачылыкты токтотууга даярдыгын билдирди


Михаил Саакашвили 1-октябрда кармалган. Грузия.
Михаил Саакашвили 1-октябрда кармалган. Грузия.

Грузиянын мурдагы президенти Михаил Саакашвили ачкачылыкты токтотууга даяр. Бул тууралуу анын адвокаты Ника Гварамия билдирди.

"Мен Адам укуктары боюнча Европа сотунун жана Батыштагы өнөктөштөрдүн чакырыктарына кулак салып, ачкачылыкты токтотууну чечтим", - деген Саакашвилинин кайрылуусун адвокат окуп берди.

Мурдагы президент көп функционалдуу клиникага которулган шартта кандай гана мындай кадамга барарын эскертти.

Адам укуктары боюнча Европа соту Саакашвилини ачкачылыкты токтотууга, ал эми грузин бийлигин саясатчынын саламаттыгына жана коопсуздугуна кам көрүүгө чакырган.

8-ноябрда Саакашвилини Рустави шаарындагы түрмөдөн, Глдани районундагы түрмөнүн ооруканасына которушкан. Эртеси күнү оппозициячыл саясатчылар жана жарандык активисттер аны жеке ооруканага которууну талап кылып, Тбилисиде митингге чыгышкан.

Мурдагы президент Грузияга келери менен 1-октябрда камалган. Бийлик ага «чек арадан мыйзамсыз өткөн» деген айып тагып жатат. Саакашвили буга каршылык билдирип, ачкачылык жарыялаган.

2004-2013-жылдары Грузияны жетектеген Михаил Саакашвили эки башка иш боюнча сегиз жылга сырттан кесилген. Ал тагылган айыптардын баарынын саясий өңүтү бар экенин билдирип келет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG