Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:29

Ысык-Көлдө кыз ала качууга шек саналгандар кармалды


Иллюстрация.
Иллюстрация.

10-ноябрда саат 23:20 чамасында Ысык-Көл облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгына бир кызды топ адамдар күчтөп автоунаага салып кеткени тууралуу маалымат түшкөн.

Издөө иштеринин жыйынтыгында изи сууй электе ЖККК кызматкерлери тарабынан "Тойота Виш" үлгүсүндөгү машине кармалган. Текшерүү учурунда анын айдоочусу, Ак-Суу районунун тургуну бир нече адам менен кызды мажбурлап никеге тургузуу максатында алып бара жатышканы такталган.

Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматы кабарлагандай, автоунаа жана кармалган жарандар Балыкчы ШИИБине жеткирилип, тергөө кызматына тапшырылды.

Бул факты Кылмыш кодексинин "Адам уурдоо" беренеси менен бирдиктүү реестрге катталды. Тергөө иштери жүрүүдө.

Кыргызстанда кызды эркине каршы ала качкан учурлар тыйылбай жатат. Сентябрь айында милиция 20 жаштагы кызды Токтогулга алып качып бараткан жигитти кармаган. Ошто унаага кызды күчтөп салып кетип бараткан топ адам кармалган. Ушул жылдын 20-майында 19 жаштагы кызды Таласка алып качып бараткан эки жигит колго түшкөн.

Быйыл февраль айында да Чүйдө кыз уурдоо фактысы аныкталып, Токмок шаарынан 17 жаштагы кызды милиционерлер жакындарына өткөрүп беришкен.

Кыргызстанда кыздарды уурдагандарга жаза эки ирет күчөтүлгөн. 2013-жылы күнөөлүүнү жети жылга кесүү тууралуу мыйзам күчүнө кирсе, 2019-жылы аталган берене боюнча кылмышкерди 10 жылга чейин камоо каралган.

Укук коргоо органдарынын расмий маалыматына караганда, Жазык кодексинин "Адамды никеге туруу максатында уурдоо" беренеси (175) менен 2020-жылы 210 иш катталган. Алардын 5% гана сотко жеткен. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG