Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Ноябрь, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 11:17

Түндүк-Түштүк жолунун бир бөлүгү ачылды


Түндүк-түштүк альтернативдүү жолундагы эстакадалык көпүрө.

Түндүк-түштүк альтернативдүү жолунун 100 чакырым аралыгы колдонууга берилди. Жумгалдын Арал айылынан Тогуз-Торонун Казарман айылына чейинки жаңы жол алты жыл мурун башталган дымактуу долбоордун колдонууга берилген биринчи бөлүгү. Бир миллиард долларга жакын тыштан алынган карызга салынып жаткан жолду толук ишке киргизүү пландалган мөөнөттөн кечигип жатат.

Кыргызстандын Фергана тоо кыркасы бөлүп турган эки аймагын байланыштырган, жалпы узундугу 433 чакырымдык альтернативдүү жолдун эң татаал делген 2-фазасы ишке берилди. Бул жолдо эки эстакадалык көпүрө курулуп, алардын биринин узундугу 1076 метр болсо, экинчиси 396 метрди түзөт.

Тогуз-Торо районунун тургуну Анарбек Санжыбаев жаңы жол аркылуу каттап жаткан жергиликтүү элдин маанайын мындай сүрөттөдү.

Анарбек Санжыбаев
Анарбек Санжыбаев

"Тогузторолуктар үчүн гана эмес жалпы кыргызстандыктарды кубандырган саамалык болду окшойт. Бул жол эки аймакты бириктирген, өлкөнүн өнүгүшүнө түрткү берген жол болот деген ишеним бар. Бишкекке жол кире арзандайт, дыйкандар жыйнаган түшүмдөрүн борборго чыгарууга жеңил болот деп турушат".

Санжыбаев жаңы жолдо таш кулоо коркунучу дагы бар экенин айтып өттү.

"Жакында эле жаңы жол менен борбордон келдим. Жолдун кээ бир тилкелеринде таш кулагынан көрдүк, кооптуу жерлер бар экенин байкадым. Эми ошол жерлердин алдын алыш керек".

Жумгал менен Тогуз-Торонун ортосундагы Кабак капчыгайын бойлой, Көкөмерен менен Нарын суусун жээктеп салынган 100 чакырым жолдун 87 чакырымы мурда жол болбогон жерден өткөн.

10-ноябрда Арал – Казарман унаа жолунун ачылыш салтанатына катышкан Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жаңы жол Кыргызстандын экономикасына чоң салым кошот деп үмүттөнүп жатканын айтты.

Акылбек Жапаров
Акылбек Жапаров

"Бизде 95% жүк автожол аркылуу ташылат. Ошонун ылдамдыгынан баалар менен экономиканын өсүшү көз каранды. Буюрса, биздин экономикага чоң салым кошот деп үмүт артып турган жол бүтөйүн деп баратат. Тогуз-Торо мындан ары эң алыскы эмес, тогуз жолдун тоомундагы, Кыргызстандын географиялык аймагына айланат".

Жолду ачуу салтанатына Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнд дагы катышты. Өкмөт башчы жол салууга насыя берген Кытай мамлекетине, жол салган Кытайдын "Чайна Роуд" компаниясына жана альтернативдүү жолдун курулушуна катышкан бардык кызматкерлерге ыраазычылык билдирген.

Акылбек Жапаров Тогуз-Торо районунун эли менен жолугушууда, "жаңы жолдорго жана инфраструктуралык имараттарга аяр мамиле жасоо зарыл" экенин белгиледи.

Арал - Казарман жолун салуу иштери 2016-жылы май айында башталган. 100 километр жолду салуу үчүн алгач 52 чакырым жумушчу жол жана үч убактылуу көпүрө салынган.

100 км. жолдо алты көпүрө бар. Анын ичинен узундугу 1076 метр жана 396 метрди түзгөн эки эстакадалык көпүрө салынган. Алардын жердин үстүндөгү тирөөчү 34 метр болсо, жердин астындагы тирөөчү 46 метрди түзөт. Автотранспорт өтчү бөлүгү 11,5 метр.

Кытайлык "Чайна Роуд" компаниясы салган жолго техникалык көзөмөл жүргүзгөн "Кыргызжолтранс" долбоорлоо институтунун инженери Өмүрбек Турдумамбетов жол сапаттуу салынганын, таш кулап, кум түшкөнү мыйзам ченемдүү көрүнүш экенин айтты.

"Ат дагы баралбаган анча-мынча жерлерге жардыруу жолу менен жол салынды. Бийик аска-зоо, жалама зоолор болчу. Кээ бир жерлеринде 100 метрге чейин жардырып түшкөн жерлер бар. Жардыруу болгон жердеги аскаларга тигинен да туурасынан дагы жарака кетет. Бул мыйзам ченемдүү эле көрүнүш. Таш түшөт, кулайт, жарака кеткен жерге суу кирет, тоңот. Жолду пайдаланууга бергенден кийин тейлеп карап туруш керек. Жолдун баары эле ушинтип каралып турат".

Жол толук качан бүтөт?

Түндүк-Түштүк альтернативдүү жолунун курулушу 2015-жылы башталган. Жол салуу үч фазага бөлүнгөн.

Биринчи фаза болгон Казарман - Жалал-Абад (154 км) тилкеси колдонууга 2018-жылы берилиш керек болчу. Бирок Кыргызстандагы эң узун 3,8 км. туннелди казуу иштери татаал болгондуктан 2018-жылы 30 айга, 2021-жылы 18 айга узартылды. Учурда туннелдин 850 метри калган. Транспорт министрлиги 1-фаза 2022-жылы ноябрда ишке берилет деп ишендирүүдө.

Жогорку Кеңештин депутаты Аалы Карашев альтернативдүү жолдун мааниси тууралуу буларга токтолду.

Аалы Карашев
Аалы Карашев

"Альтернативдүү жол сөзсүз керек болчу. Бирок тезирээк бүтүш керек эле. Жол өткөн райондордогу элдин жашоо деңгээли көтөрүлмөк, инфраструктура оңолмок. Эң негизгиси азыркы жолдон кыска жана ашуулары азыраак жол. Бишкек - Ош жолундагы транспорт каттамын жеңилдетет. Экономикага дагы түрткү берчү жол. Бирок баасы өтө кымбатка турду. Насыяга салынган жол тез арада өзүн актоого кириши керек болчу".

Бирок туннел бүтсө эле Казарман - Жалал-Абад тилкесинде иш толук бүттү дегенди түшүндүрбөйт. Транспорт жана коммуникациялар министрлиги туннелдин оозуна эки галерея, үч эстакадалык көпүрө куруш керектигин билдирген. Ага 21 млн. доллар кетиши мүмкүн.

Ошондой эле, жол кесип өткөн айыл тургундарынын каршылыгынан улам Жалал-Абад шаарына 25 км. жетпеген жол салынган эмес. Транспорт министрлиги айылдарды айланып өтчү 25 чакырым жолго кошумча акча сурап жатат.

Жогорку Кеңеш ушул жылы мөөнөтүнөн кечигип жаткан альтернативдүү жолду иликтөө боюнча депутаттык комиссия түзгөн. Өткөн айда депутаттык комиссиянын иши дагы узартылды.

Депутаттык комиссиянын төрагасы, депутат Аманкул Токтомамбетов бир топ шектүү жагдайлар бар экенин билдирди.

Аманкул Токтомамбетов
Аманкул Токтомамбетов

"Мурдагы транспорт министри 1-фазадагы долбоорго кирген, акчасы чечилген 25 чакырым жолду өзүн-өзү билип кыскартып салган. Айыл тургундары жол айылды кесип өткөнгө каршы болуп жатат деген шылтоо айтышкан. Жолдун баары эле айылды аралап өтүп жатпайбы. Эми болсо айылды айланып өткөн долбоорго 35 млн. доллар сурап жатат. Туннелдин оозундагы 500 метр жерге 21 млн. доллар керек деп жатышат. Буга дагы карыз алыш керек. Долбоору жок эле иштей беришкен. Комиссияда иш көп, ошол үчүн мөөнөтүн узартпадыкпы".

Колдонууга берилген Арал - Казарман жолунун Жалал-Абад багыты туннел бүтпөгөндүктөн туюк болуп турса, Балыкчы багытындагы жолдун 3-фазасына кирген Баш-Кууганды - Кызыл-Жылдыз - 24 км, Эпкин - Баш-Кууганды - 70, Кочкор - Эпкин - 68 чакырым тилкелери бүтө элек.

Баш-Кууганды - Кызыл-Жылдыз (24 км) тилкесине быйыл 8,5 км асфальт басылса, Эпкин - Баш-Кууганды (70 км) тилкесине тендерди утуп алган италиялык компания үч жылда 9,5% гана ишти бүтүрүп жана коррупциялык иштерге аралашкандыктан тендер жокко чыгарылган. Жолду салуу быйыл Кытайдын China Railway компаниясына берилди.

Кочкор – Эпкин (68) тилкеси 2023-жылы курулуп бүтөт. Учурда тендерди уткан кытайлык Sinohydro Corporation LTD компаниясы 10 км жолго асфальт төшөдү.

Түндүк-Түштүк альтернативдүү жолунун 200 чакырымга жакыны жол такыр түшө элек тилкелерге салынууда. Жолдун жалпы наркы башында 850 миллион доллар деп бааланган, бирок учурдагы баасы 937,5 млн. долларга жетти.

Жолдун 1-2-фазасынын инвестору – Кытайдын Эксимбанкы. Жолдун үчүнчү фазасындагы үч тилкени Азия өнүктүрүү, Ислам өнүктүрүү банктары каржылап жатат.

  • 16x9 Image

    Марат Тагаев

    Марат Тагаев – “Азаттык” радиосунун кабарчысы. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин, Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Башкаруу академиясында магистратураны бүтүргөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG