Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:03

Атамбаевди күттүргөн "Ак-Шумкар"


Президент Сооронбай Жээнбеков менен экс-президент Алмазбек Атамбаев инаугурациядан кийин. 24-ноябрь, 2017-жыл.
Президент Сооронбай Жээнбеков менен экс-президент Алмазбек Атамбаев инаугурациядан кийин. 24-ноябрь, 2017-жыл.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин айрым жакын санаалаштары ага "Кыргыз Республикасынын Баатыры" наамын ыйгаруу кечеңдеп жатканына бушайман.

Алар жогорку мамлекеттик сыйлыкты ыйгаруу тууралуу былтыр жыл аягында президенттин жарлыгы чыгып, бирок ал ушул күнгө чейин аткарылбай жатканын белгилешти.

Ошол эле учурда айрым коомчулук өкүлдөрү ири коррупциялык иштерге байланыштуу жогорку мамлекеттик сыйлык тууралуу жарлык жокко чыгарылышы керек деген маселе көтөрүштү.

Кагылган коңгуроо, катылган сыр

Былтыр кызматына киришери менен Кыргызстандын жаңы президенти Сооронбай Жээнбеков бийлигин өткөргөн экс-президент Алмазбек Атамбаевди "Кыргыз Республикасынын Баатыры" наамы жана "Ак- Шумкар" өзгөчө белгиси менен сыйлоо тууралуу алгачкы жарлыгын чыгарган.

2017-жылдын 27-ноябрында кол коюлган жарлыкта бул сыйлык ага эгемендикти, элдин биримдиги менен ынтымагын чыңдоодогу жана өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылуудагы сиңирген эмгеги үчүн берилгени көрсөтүлгөн. Бирок жарлык чыккандан бери он ай өтсө да сыйлык ээсине тапшырыла элек.

Ирина Кармушкина.
Ирина Кармушкина.

Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын депутаты Ирина Карамушкина белгисиз себептер менен жарлык аткарылбай жатканын эске салды:

- Ошол жарлык расмий түрдө жарыяланып, күчүнө кирген. Аталган сыйлыктан эч ким баш тарткан эмес. Президенттин бардык жарлыктары аткарылып жатат, бирок ошол эле жарлык эмдигиче аткарыла элек. Бул сыйлык тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков оозеки да айтып, экс-президент Алмазбек Атамбаевдин өлкөнүн өнүгүшүнө кошкон салымын белгилеген. Эми азыр эле анын ишмердигин ар кандай баалап жаткандар иш жүзүндө далилдеп беришсин. Бул маселе боюнча мамлекеттик сыйлыктар тууралуу комиссия менен президенттин парламенттеги өкүлү да эч кандай жооп кайтара алышкан эмес. Ошондон бери реакция болгон жок.

Президенттин маалымат катчысы Толгонай Стамалиева экс-президент Алмазбек Атамбаевге аталган жогорку мамлекеттик сыйлыкты ыйгаруу маселеси президенттик аппараттын жакынкы күн тартибинде жок экенин белгиледи.

Толгонай Стамалиева быйыл жыл башында аны ыйгаруу сунушу болгонун, бирок кийин анын артка жылдырылган себебин айтты:

- Экс-президентке сыйлыкты тапшыруу боюнча сунуш 2017-жылдын аягында, 2018-жылдын башында айтылган. Ошол учурда ал киши тараптан эмнегедир сунушту кабыл алуу каалоосу болгон эмес. Учурда бул маселе аппаратта каралып, талкууланбай эле турат.

Сыйлыкты алуу туурабы же андан баш тартуубу?

Айрым коомчулук өкүлдөрү мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге сыйлыктын ыйгарылышы кечеңдеп жатканы боюнча маселенин көтөрүлүшүн сынга алышты.

Алардын айтымында, экс-президенттин парламенттеги айрым санаалаштарынын оозу менен жогорку мамлекеттик сыйлыкты талап кылышы акылга сыйбайт.

"Апрель ыңкылабын" коргоо кыймылынын төрагасы Таалайбек Айдаров Атамбаевдин командасынын коррупциялык иштеринин чубалып чыгышы ага моралдык жактан жогорку мамлекеттик сыйлыкты алууга жол бербейт деп эсептейт:

- Эми ушунчалык коррупцияга малынып, бардыгы батып жатса, ага "Ак-Шумкарды" ыйгаруу уят. Жанагындай иштер ачыкка чыгып, улам бир коррупциялык чуулгандуу фактылар чубалып жатса сыйлыкты ыйгаруу акылга сыйбаган нерсе. Бул жарлык жокко чыгарылышы кажет. Президент Сооронбай Жээнбеков ал сыйлыкты учурунда тапшырып деле коймок. Бирок кыңыр иштердин баары ачыкка чыгып жатса, анан ага сыйлыкты кантип тапшырат? Ошондуктан азыр парламент, өкмөт жана президент бул сыйлык берүү маселесин кайра карап чыгып, жыйынтык чыгарышы зарыл.

Мурдагы аскер прокурору, юстициянын генерал-майору Кубатбек Кожоналиев былтыр кышында Бишкек ЖЭБдеги авария экс-президент Алмазбек Атамбаевдин жана анын командасынын ишмердигине көлөкө түшүрүп, коомчулукта ага карата күмөн саноолорду күчөтүп койгонун айтты.

Кубатбек Кожоналиев Алмазбек Атамбаев өзү аталган сыйлыктан баш тартып койгону туура болорун белгиледи:

- Элдин арасында минтип кайчы пикир болуп, Бишкек ЖЭБ модернизациялоо долбоору, Түндүк-Түштүк альтернативдүү жолунун долбоору, "Датка-Кемин" долбоору, тарых музейиндеги олчойгон коррупциялык иштер, "Белизгейт" сыяктуу кыңыр иштер ачыкка чыгып жатканда анан каяктагы "Кыргыз Эл Баатыры"?

Анткен менен КСДП партиясынын маалымат катчысы Кундуз Жолдубаева партиянын лидери жана экс-президент Алмазбек Атамбаевге жогорку мамлекеттик сыйлыкты ыйгаруу боюнча маселе буга чейин макулдашылганын эске салды. Анын айтымында, Алмазбек Атамбаевдин андан баш тартуу ниети жок:

- Экс-президент Алмазбек Атамбаев менен президент Сооронбай Жээнбековдун акыркы жолугушуусунда "Ак-Шумкар" өзгөчө белгисин тапшыруу боюнча макулдашкан экен. Анда аталган сыйлыкты тарых музейинин ачылышында ыйгаруу жөнүндө сөз болуптур. Айрымдар миллиондор тууралуу айтып, айыптады деп жатасыздар. Бирок анын баары соттон ырасталышы керек. Соттун чечими жок эле бир нерсе деп айта берүү туура эмес.

"Жаңылыш жарлык"

Буга чейин айрым бир саясий ишмерлердин жогорку мамлекеттик сыйлыктан баш тарткан учурлары бар. Экс-президент Роза Отунбаева 2011-жылы бийлигин өткөрүп берээрдин астында Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүн жогорку мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлаган. Ошол учурда Азимбек Бекназаров "Манас" орденинен баш тарткан. Ал буга 2010-жылдагы июнь коогалаңына жол берилген жагдайды негиздеген.

Азимбек Бекназаров.
Азимбек Бекназаров.

Саясатчы Азимбек Бекназаров Атамбаевди сыйлоо тууралуу жарлыкты саясий катачылык катары карап, эми аны оңдоо үчүн президент Сооронбай Жээнбеков жарлыгын өзү жокко чыгарышы керектигин айтты:

- Бул - ошол кездеги саясий жаңылыштык. Анткени Атамбаев бийликтен кеткенден кийин ызы-чуусу башталып жатат. Президент Сооронбай Жээнбеков ошондо жарлыгын ишке ашырып, сыйлыкты тапшырып койгондо, анда азыр эмне болот эле? Ошондуктан бул жарлык жокко чыгарылып, аткарылбашы керек. Жээнбеков өзүнүн жарлыгын өзү жокко чыгарып койсо, коомчулук да туура түшүнөт. Улуттун баатыры деген эмгеги чолпон жылдыздай бийик болуп, жанып турган болушу зарыл. Анан эле саясий үзөңгүлөштөр бийликке келе калып, бири-бирин сыйлаганы туура эмес. Ошондуктан мен дагы өз кезегинде Роза Исаковнага кайрылып, "жарлыгыңызды жокко чыгарыңыз, эл Убактылуу өкмөт өзүн өзү сыйлап жатат дебесин" деп болбой койгом.

Ошол эле кезде президенттик аппараттын маалымат саясаты бөлүмүнөн экс-президентке жогорку мамлекеттик сыйлыкты ыйгаруу тууралуу жарлык жокко чыгабы же жокпу, анысын жакын арада тактоого мүмкүн болбоду.

Мыйзам боюнча президент өз жарлыгын өзү жокко чыгарууга акысы бар. Ошондой эле жогорку мамлекеттик сыйлыкты ыйгаруу тууралуу жарлык козголгон кылмыш ишине карата же болбосо анын ыйгарылышынын мыйзамдуулугуна байланыштуу сот тарабынан жокко чыгарылышы мүмкүн.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG