Өлкөдөгү энергетикалык жетишсиздиктен улам бүгүнкү күнү Түркмөнстандан электр энергиясы алына баштады.
Энергетика министрлигинин маалыматына караганда, бул президент Садыр Жапаровдун Түркмөнстанга сапары учурунда жетишилген келишимге ылайык, ишке ашууда. Түркмөнстандын электр энергиясы Кыргызстанга Өзбекстан аркылуу келип жатат. Транзит маселеси жалпы Борбор Азиянын бириккен энергосистемасынын алкагында чечилген.
Маалыматка ылайык, Түркмөнстандан алынып жаткан электр энергиясынын баасы 2 сомдун айланасында. Керектөөчүлөр үчүн коюлуучу нарк азырынча белгисиз.
2014-жылы Кыргызстан Казакстандан электр энергиясын 5 сомдон сатып алып, калкка 77 тыйындан сатканын белгилеген президент Садыр Жапаров мындан ары электр энергиясы 2 сомдун айланасында гана импорттолорун айткан.
Токтогул суу сактагычындагы суунун аздыгынан улам, Энергетика министрлиги электр энергиясын үнөмдөөгө чакырууда. 5-ноябрдан тартып “Түндүк электр” ишканасы бир фазалуу абоненттер үчүн беш киловатт, үч фазалуу абоненттерге 10 киловаттык чек киргизди.
12-ноябрга карата Токтогул суу сактагычында 11,5 млрд куб метрден ашуун суу бар.(ZKo)