Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:24

Шайлоо-2021: "Ата-Журт Кыргызстан" эң көп каражат сарптаган


28-ноябрда парламенттик шайлоо болот.
28-ноябрда парламенттик шайлоо болот.

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 28-ноябрда боло турган саясий жарышта ат салышып жаткан партиялардын шайлоо фонддорун каржылоо боюнча маалымат берди.

11-ноябрга карата саясий партиялардын шайлоо фондуна жалпы 147 млн. 509 миң 628 сом түштү. Анын 124 млн. 453 миң 617 сому сарпталган. Шайлоо өнөктүгү башталгандан бери партиялардын ичинен "Ата-Журт Кыргызстан" партиясы эң көп каражат жумшаган (22 млн. 869 миң 259 сом). Андан кийинки орунда 21 млн. 596 миң 455 сом сарптаган "Ишеним" партиясы турат. "Альянс" партиясы 15 млн. 436 миң 457 сом жумшаган. Кийинки орундарда "Эл үмүтү" (14 млн. 210 миң 629 сом), "Ынтымак" (10 млн. 419 миң 237сом ) партиялары.

Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо 28-ноябрда болот. Парламенттеги 90 орунга саясий партиялардан 54, бир мандаттуу округдардан 36 депутат шайланып келет.

Шайлоодо 21 партия ат салышууда, ал эми бир мандаттуу округдардан катталган айрым талапкерлер баш тартып, учурда 300 талапкер калды.

Былтыркы шайлоонун жыйынтыгы элдин нааразычылыгынан улам жокко чыгып, өлкөдө бийлик алмашкан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG