Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:18

Жалал-Абад: Ымыркайды 40 миң сомго сатууга аракеттенген аял кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) Жалал-Абад облусунда ымыркайды 40 миң сомго сатууга аракет кылган аял кармалганын кабарлады.

Маалыматка ылайык, ИИМдин аймактык башкармалыгына Жалал-Абад шаарынын тургуну документтерди жасалмалоо менен алектенгендиги тууралуу маалымат келип түшкөн. Аталган факты Жазык кодексинин 359-беренесинде ("Документтердин жасалмасы") каралган кылмыштын белгилери менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш башталган. Ыкчам-издөө аракеттеринин жыйынтыгында шектүү жаңы төрөлгөн наристени сатууга мыйзамсыз документтерди даярдап жаткандыгы аныкталган.

Кылмышты жасоо аракети көрүлүп жаткандыгы тууралуу маалыматтын негизинде атайын тергөө амалдары уюштурулуп, ИИМдин кызматкерлери сатып алуучу катары 40 миң сом өлчөмүндө акча каражатты берип жаткан жерден сөз болуп жаткан жаран кармалган. Ымыркай Жалал-Абад облусунун балдарды коргоо бөлүмүнүн адистерине өткөрүлүп берилди.

Аталган факт Жазык кодексинин 171-беренесине ("Адам сатуу") алмаштырылды. Азыркы учурда сотко чейинки өндүрүш иши уланууда.

Бала сатууга аракет кылган учурлар Кыргызстанда буга чейин дагы катталган. Өткөн жылы Өзгөн шаарынын 23 жаштагы тургуну жана ага бала сатууга көмөктөшкөн, мурда сот жообуна тартылган Ош шаарынын 45 жаштагы тургуну ымыркайды 5000 АКШ долларына баалып, соодалашып жаткан учурда кармалган.

Бала багып алгысы келгендер баланы асырап алуу процедурасы жеңил эмес экенин, бул үчүн толгон-токой документ топтоп жылдап кезек күтүү зарыл экенин айтып келишет. Адистер муну бала сатууга жол ачкан факторлордун бири катары баалашат.

Ушул жылдын 1-июлунда АКШнын Мамлекеттик департаменти 2020-жылдагы Адам сатууга каршы күрөш боюнча баяндамасын жарыялады.

Ага ылайык, Кыргызстан былтыр адам сатуу маселесин чечүүгө багытталган аракеттеринин натыйжасында эки баскычка көтөрүлгөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG