Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:15

Түрк Академиясынын финансылык эрежелери жөнүндө макулдашуу ратификацияланды


Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

Президент Садыр Жапаров “2018-жылдын 2-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган Түрк Академиясынын финансылык эрежелери жөнүндө макулдашууну жана 2020-жылдын 28-ноябрында Стамбул шаарында кол коюлган Түрк Академиясынын бюджетине мүчө мамлекеттердин милдеттүү төлөмдөрүнүн шкаласы жөнүндө протоколду ратификациялоо тууралуу” мыйзамга кол койду.

"Мыйзамдын максаты ратификациялоо аркылуу мамлекеттин ичиндеги жол-жоболорду аткаруу болуп саналат", - деп жазылат президенттин басма сөз кызматы тараткан маалыматта.

Бул макулдашууга ылайык, академиянын бюджетинин отчеттуулугу жана аткаруусу, каржылоо булактары аныкталат. Академия түрк маданияты менен мурастарын сактоо, изилдөө жана жылдыруу үчүн иш-чараларды, долбоорлор жана програмаларды колдоого алып жана каржылайт. Илимий жана техникалык, каражат бөлүү маселелерин чечүүгө көмөктөшөт.

Президент 9-ноябрда “Түрк маданияты жана мурасы фондунун финансылык эрежелери жөнүндө макулдашуу боюнча протоколду ратификациялоо тууралуу” мыйзамга кол койгон.

Садыр Жапаров 11-12-ноябрда Түркияга иш сапары менен барат. Анын алкагында Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешине (ТМКК) мүчө-мамлекеттердин башчыларынын саммитинин "Жашыл технологиялар жана санариптик доордогу акылдуу шаарлар" аттуу сегизинчи жыйынына катышат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG