Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:04

Марат Иманкулов Ооганстандагы кырдаал боюнча жыйынга катышты


Нью-Делиде өткөн Ооганстан боюнча жыйындын катышуучулары. 10-ноябрь, 2021-жыл. Индия.
Нью-Делиде өткөн Ооганстан боюнча жыйындын катышуучулары. 10-ноябрь, 2021-жыл. Индия.

Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов Индиянын Нью-Дели шаарында Ооганстандагы кырдаал боюнча үчүнчү аймактык жыйынга катышты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы бүгүн, 11-ноябрда кабарлады. Расмий маалыматка караганда, жыйында терроризм, экстремизм, сепаратизм, трансулуттук уюшкан кылмыштуулук жана баңгизаттар, анын бардык түрлөрүнө каршы күрөшүү жаатында пикир алмашуу болду.

Ооганстандагы кырдаал ушундай форматта биринчи жолу талкууланды. Жолугушуунун жыйынтыгында мамлекеттер аралык кызматташтыкты күчөтүү боюнча Дели декларациясы кабыл алынды.

10-ноябрда Индияда өткөн коопсуздук боюнча аймактык конференцияда Ооганстандагы "Талибан" (Кыргызстанда ишмердигин тыюу салынган) бийлиги менен кызматташуу маселелери талкууланды. Ага Индия, Иран, Орусия, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын коопсуздук жаатындагы өкүлдөрү катышты. Пакистан менен Кытай конференцияга катышуудан баш тарткан. Конференциянын катышуучулары Ооганстандагы гуманитардык кризис боюнча олуттуу тынчсыздануусун билдирди.

Өткөн айда Индиянын расмийлери Катарда "Талибан" кыймылынын өкүлдөрү менен жолуккан. Бирок бул жолу Нью-Дели талибдерди жыйынга чакырган-чакырбаганы белгисиз.

4-ноябрда Бишкекте Ооганстандагы кырдаал тууралуу талкууда Кыргызстан Ооганстандагы бийликте турган "Талибан" (Кыргызстанда тыюу салынган уюм) кыймылын расмий тааный электигин Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Таалатбек Масадыков билдирген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG