Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:15

БУУ беларус-поляк чек арасындагы мигранттарга тынчсызданды


Беларус-поляк чек арасындагы мигранттар. 10-ноябрь, 2021-жыл.
Беларус-поляк чек арасындагы мигранттар. 10-ноябрь, 2021-жыл.

Жүздөгөн мигранттар бир нече күндөн бери беларус-поляк чек арасында лагерде түнөп жатышат. БУУнун адам укугу боюнча жогорку комиссары Мишель Бачелет муну "адам көтөргүс азап" деп белгиледи.

"Бул жүздөгөн адамдар, аялдар жана балдар суукта тамак-ашсыз жана медициналык жардамсыз калбашы керек",-деди ал.

Польшанын маалымат каражаттары 10-ноябрда 600 чамалуу мигрант чек арадан өтүүгө аракет кылганын, дагы 60 киши чек арачылар турганына карабай тосмо зымдарды бузуп кирүүгө аракеттенишкенин жазышты.

10-ноябрда Еврокомиссиянын төрайымы Урсула фон дер Ляйен Евробиримдик өкүлдөрү Беларуска каршы санкцияларды кеңейтүүгө макулдук беришкенин жарыялады. Санкцияга кабылгандардын арасында "адам сатууга" тиешеси бар аба компаниялары да бар экени, "кара тизме" тууралуу кийинки аптада жарыяланары айтылды.

Акыркы айларда Жакынкы Чыгыштан, Түштүк Азиядан жана Африкадан чыккан миңдеген мигранттар Евробиримдикке мүчө болгон Польшанын, Латвиянын жана Литванын аймагына Беларустан мыйзамсыз кирүүгө аракет көрүп жатышат.

Евробиримдик бул үчүн Беларустун лидери Александр Лукашенкону айыптап, муну былтыркы талаштуу президенттик шайлоодон кийин киргизилген санкциялар үчүн Брюсселден өч алуу катары баалады.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG