Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:22

Польша-Беларус чек арасында аскерлер асманга карай ок атышты


Польша-Беларус чек арасында топтолгон мигранттар.
Польша-Беларус чек арасында топтолгон мигранттар.

Беларус менен чектешкен Евробиримдикке мүчө мамлекеттер чек арадагы кризис аскердик кагылышууга айланып кетүү коркунучу бар экенин эскертишти.

Польшанын бийлиги бул кризис үчүн Беларусту «террорчулукка» айыптады. Евробиримдик чагымчылдык үчүн Минскиге санкция киргизүүнү көздөп жатат.

11-ноябрда Польшанын Коргоо министрлиги билдиргендей, Беловежи аймагында жүздөгөн мигрант күч менен чек арадан өтүүгө аракет кылышкан.

«Алар аскерлерди көздөй белгисиз буюмдарды ыргытып, чабуул коюп, андан соң тикен зымды бузганга аракет кылышты. Аскерлер эскертүү ирээтинде асманга ок атышты», - деп жазды министрлик Твиттерге.

Беларустун чек ара кызматынын маалыматына караганда, Польша менен чектеш аймакта 2 миңдей киши топтолуп турат. Литванын коргоо министри Арвидас Анушаускас билдиргендей, алардын чек арасына жакын жерде миңдей мигрант бар.

Литва, Латвия, Эстониянын коргоо министрлери биргелешип жасаган билдирүүдө «Мындай кырдаал аскердик кагылышууну тутандыра турган чагымчыл чабуулдардын көбөйүшүнө түртөт», - деп белгиленет.

Шаркеттин лидерлери жакыр, согуш уланып жаткан мамлекеттерден мигранттарды азгырып, атайылап Польшанын чек арасына айдактап жатканы үчүн Минскини айыпташууда.

Орусия колдогон Лукашенконун өкмөтү Евробиримдиктин айыптоолорун четке кагып, Польша менен шаркетти адам укуктарын бузуп, мигранттарды өз аймагына өткөрбөй жатканы үчүн сынга алды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG