Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:50

Бир мандаттуу округдан шайлоого катышкан 300 талапкер калды


Кыргызстандагы бир мандаттуу 36 округдардын картасы. Борбордук шайлоо комиссиясы чийген схема.
Кыргызстандагы бир мандаттуу 36 округдардын картасы. Борбордук шайлоо комиссиясы чийген схема.

Бир мандаттуу округдан шайлоого аттанган талапкерлердин саны 300ге түштү. Борбордук шайлоо комиссиясы 19 адам бир мандаттуу округдан шайлоого катышуудан баш тартканын маалымдады.

Облустар боюнча талапкерлердин саны төмөнкүдөй:

  • Чүй облусу – 60 талапкер,
  • Ош облусу – 50 талапкер,
  • Жалал-Абад облусу – 45 талапкер,
  • Ысык-Көл облусу – 39 талапкер,
  • Баткен облусу – 37 талапкер,
  • Нарын облусу – 28 талапкер,
  • Бишкек ш. – 27 талапкер,
  • Талас облусу – 13 талапкер.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 28-ноябрда өтөт. Жогорку Кеңеш эми 90 депутаттан куралат, беш жылдык мөөнөткө шайланат. 90 депутаттын 54ү партиялык тизмеден, 36сы бир мандаттуу аймактардан шайланып келет.

Шайлоодо ат салышуу үчүн 21 партия катталган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG