Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:41

Украина менен АКШ стратегиялык өнөктөштүк боюнча документке кол коюшту


АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен жана Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба. 5-август, 2021-жыл. Вашингтон.
АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен жана Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба. 5-август, 2021-жыл. Вашингтон.

АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен жана Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба стратегиялык өнөктөштүк тууралуу жаңыланган документке Вашингтондо кол коюшту. Анда Кошмо Штаттар менен Украинанын алакасы жалпы баалуулуктарга негизделгени белгиленген.

Документте эки мамлекеттин коопсуздук, коргонуу, экономика жаатында кызматташуусу каралган. Ошондой эле Украинанын энергетикалык коопсуздугуна кеңири көңүл бурулуп, Вашингтон Киевдин мындай аракетин колдоору белгиленген.

АКШ Украинанын куралдуу агрессияга жана Орусиянын атайылап жасаган киберчабуулдарына каршы туруу аракеттерин колдоону убада кылды.

Буга чейин эки тарап кызматташуу тууралуу документке 2008-жылдын декабрь айында кол коюшкан. Тараптар анын мазмунун ар 10 жылда карап чыгууну макулдашты.

Блинкен Украинанын чек арасынан 260 чакырым алыстыкта орус куралдуу күчтөрүнүн топтолушуна тынчсыздануусун билдирди.

Вашингтон Украинанын аймактык бүтүндүгүн колдой турганын кайталады.

XS
SM
MD
LG