Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:38

Президент Садыр Жапаров Стамбулга иш сапары менен барды


Президент Садыр Жапаров "Ата Түрк" аэропортунда. Стамбул. 11-ноябрь, 2021-жыл.
Президент Садыр Жапаров "Ата Түрк" аэропортунда. Стамбул. 11-ноябрь, 2021-жыл.

Президент Садыр Жапаров Түркиянын Стамбул шаарына иш сапары менен барды. Аны эл аралык "Ата Түрк" аэропортунда ардак кароолдун коштоосунда тосуп алышты.

Жапаров сапар алкагында Түрк тилдүү мамлекеттер кызматташтыгынын (ТМКК) катышуучу-өлкө башчыларынын "Жашыл технологиялар жана санариптик доордогу акылдуу шаарлар" темасындагы сегизинчи саммитине катышарын президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Ошондой эле, саммит аянтчасында мамлекет башчы Түркия, Азербайжан, Өзбекстан, Түркмөнстан жана Венгриянын лидерлери менен жолугушуп, кызматташтыкты кеңейтүү боюнча сүйлөшөрү кабарланган.

Иш-чарага катышчу кыргыз делегациясынын курамында тышкы иштер министри Руслан Казакбаев, президенттик администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Жээнбек Кулубаев, Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов, экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев жана энергетика министри Доскул Бекмурзаев бар.

Садыр Жапаров 9-июнда Түркияга расмий иш сапары менен барып келген. Анда түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган менен жолугушуп, Түркия Кыргызстанга аскердик-техникалык жардам бере турганы маалым болгон.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG