Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:30

Акылбек Жапаров көмүрдү бардык аймактарга жеткирүүнү буйруду


Капталган көмүр. Иллюстрациялык сүрөт.
Капталган көмүр. Иллюстрациялык сүрөт.

Министрлер кабинетинин төрагасы жана президенттик администрациянын башчысы Акылбек Жапаров 11-ноябрда кышкы жылуулук сезону боюнча республикалык штабдын жыйынын өткөрдү. Анда жергиликтүү бийлик кышка даярдык тууралуу маалымат беришти.

Акылбек Жапаров Токтогул суу сактагычындагы суунун аздыгына карабай, быйыл кышында элди электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыз кылууга жетекчилерди милдеттендирди.

"Үзгүлтүксүз электр энергиясы - негизги милдетиңер. Азыр айрым жалкоо аткаминерлердин айынан аймактарда көмүр жетишсиздиги жоюла элек. Силерге бул кенемтени толтурууга эки жума берем. Мамлекеттик мекемелердин унааларын алып, көмүрдү бардык аймактарга жеткиргиле. 100% камсыз болсун. Көмүр убагында жеткирилсе, электр энергиясы кыйла үнөм болмок. Биз баарына даяр болушубуз керек", - деди Жапаров.

Өкмөт башчы ошондой эле Бишкек ЖЭБин дагы көмүр менен үзгүлтүксүз камсыз кылууну жана электр энергиясын үнөмдөө боюнча элге түшүндүрүү иштерин күчтөндүрүүнү тапшырды.

Токтогул суу сактагычындагы суунун аздыгынан улам, Энергетика министрлиги электр энергиясын үнөмдөөгө чакырууда. 5-ноябрда тартып “Түндүк электр” ишканасы бир фазалуу абоненттер үчүн беш киловатт, үч фазалуу абоненттерге 10 киловаттык чек киргизди.

12-ноябрга карата Токтогул суу сактагычында 11,5 млрд куб метрден ашуун суу бар.

Көмүрдүн баасы бир ай мурункуга караганда 4,5 эсе кымбаттаган. Бишкекте бир тонна көмүр 6 500 сомго чыкканы айтылууда. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG