Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:34

Ошто чыгармачыл жаштар үчүн борбор курулууда


Курулуучу имараттын долбоору.
Курулуучу имараттын долбоору.

Ошто Жаштардын креативдүү борборунун курулушу башталды. Анын пайдубалына капсула 10-ноябрь күнү салынды. Борборду Youth of Osh коомдук бирикмеси куруп жатат.

“Борбордо жаштар окуп, идеяларын жана долбоорлорун талкуулап, чыгармачыл жана инновациялык иш-чараларды, жолугушууларды өткөрө алышат. Жаштар менен иштеген тажрыйбабызды эске алып, Оштогу чыгармачыл жаштардын башын бириктирген борбордун зарыл экенине көзүбүз жетти”, - деди Youth of Osh коомдук бирикмесинин директору Акмарал Сатинбаева.

Иш-чарага жергиликтүү бийликтин, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү жана ишкерлер катышты.

Борборду курууга жалпысынан 13 миллион сомдон ашуун каражат сарпталат деп болжонууда. Ал краудфандинг (ашар) жолу менен чогулат.

Youth of Osh коомдук бирикмеси – 13 жылдан бери жаштар менен иштеп келе жаткан уюм. (DU)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG