Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:03

Ирандагы кандуу окуялардын күбөлөрү Лондон сотунда көрсөтмө беришти


Лондондогу трибунал. 11-ноябрь, 2021-жыл.
Лондондогу трибунал. 11-ноябрь, 2021-жыл.

Лондондогу трибуналда Иранда 2019-жылдын ноябрь айында болгон митингдерди күч менен басуудагы Тегерандын ролу боюнча күбөлөр жана активисттер көрсөтмө берип жатышат. Ал окуяларда 300дөн ашуун киши көз жумган. Эл аралык элдик трибунал 14-ноябрга чейин иштейт. Андан соң комиссия Иран бийлигинин аракеттери адамзатка каршы кылмыш катары бааланабы, жокпу деген баасын беришет.

Жалпысынан трибуналда 160тай адам көрсөтмө берет. Баяндама кийинки жылдын башында чыгат. Юридикалык күчкө ээ болбогон трибуналдын башталышын адам укуктарын коргоочу үч уюм демилгелеген. Ослодо жайгашкан «Иран үчүн адилеттик» жана «Ирандагы адам укуктары», Парижде жайгашкан «Адамды дарга асууга биргеликте каршы туруу» деген уюм. Алар 2019-жылкы окуяларындагы адам өлүмдөрү үчүн Иран бийлиги жоопкер экенин аныктагысы келет.

Анда каршылык акциялар 100дөн ашуун шаарда тутанган. Каатчылыкка байланыштуу башталган митингге чыккандар Иран бийлигине жана өлкөнүн руханий лидери аятолла Али Хаменеиге каршы чакырыктарды жасашкан. Бийлик демонстрацияларды күч менен басып, жүздөгөн киши каза болгон. Ошол маалда расмий Тегеран Интернетти да бир нече күнгө өчүрүп койгон.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG