Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Декабрь, 2022 ишемби, Бишкек убактысы 19:06

Садыр Жапаров түркиялык ишкерлерди Баткенге инвестиция салууга чакырды


Президент Садыр Жапаров Түркиянын ишкерлери менен жолугушту. Стамбул. 11-ноябрь, 2021-жыл.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 11-ноябрда, Стамбул шаарында Түркиянын ишкерлери менен жолугушту. Аларга Баткен облусуна инвестиция салууну сунуштады.

Мамлекет башчысы түркиялык ишкерлерге облуска өзгөчө макам берилгенин айтып, бул бизнести өнүктүрүп, жергиликтүү элди жумуш менен камсыз кылып, аймактын өнүгүшүнө мүмкүндүк бере турганын белгиледи.

Президент Баткен аймагында өзгөчө жеңилдетилген салык жана инвестициялык режим иштей турганын кошумчалады. Ага ылайык, Баткенге инвестиция салган ишкерлер салыктын төрт түрүнөн: мүлк салыгы, жер салыгы, пайда жана сатуу салыгынан бошотулат. Өндүрүшкө зарыл болгон жабдууларды ташып келүүдө бажы төлөмү алынбасын, киреше салыгы 10 пайыздан 5 пайызга түшүрүлөрүн айтты.

Мамлекет башчы түрк инвесторлорунун долбоорлорун илгерилетүүдө ар тараптуу жардам берүүгө даяр экенин белгиледи.

Кыргызстандагы түрдүү тармактарда түрк капиталы бар 300дөй компания иштейт. Анда жалпысынан 5000дөн ашуун кыргызстандык эмгектенет.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 11-ноябрда Стамбулга Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин саммитине катышуу үчүн барды.

Быйыл жазында Баткендеги кыргыз-тажик чек арасында чыккан куралдуу жаңжалда Кыргызстандан 36, Тажикстандан 19 адам набыт болгон. Эки өлкө бул үчүн бири-бирин айыптап, кылмыш ишин козгошкон. Кыргызстан чек арасын бир тараптуу жапкан.

Бул окуядан кийин расмий Бишкек Баткен облусуна өзгөчө макам ыйгарган. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG