Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:53

Түрк кеңешинин аты өзгөрүшү мүмкүн


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

12-ноябрда Стамбул шаарында Түрк кеңешине мүчө өлкө башчыларынын "Жашыл технологиялар жана санариптик доордогу акылдуу шаарлар" темасындагы сегизинчи саммити өтөт.

Жыйында уюмдун ишмердүүлүгүнө жана келечегине байланыштуу маанилүү чечимдердин кабыл алынышы күтүлүүдө. Ошондой эле, Түрк Кеңешинин атын Түрк мамлекеттер уюму деп атоо чечими каралат.

Саммитке президент Садыр Жапаров, Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган, Казакстандын президенти Касым Жомарт Токаев, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев, Азербайжандын президенти Илхам Алиев жана Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан катышат.

Түркмөнстандын президенти Гурбангулу Бердымухамедов байкоочу өлкө макамында биринчи жолу келет.

Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңеши 2009-жылдын октябрында түзүлүп, ага Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан жана Түркия түптөөчүлөр катары кирген. Өзбекстан уюмга кошулуу ниетин 2018-жылы апрель айында билдирип, 2019-жылы Бакуда өткөн Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташуу кеңешинин жетинчи жыйынында мүчө болгон. Венгрия уюмда байкоочу макамга ээ. (ElB)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG