Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:40

Аскердеги өлүм боюнча соттук териштирүү 20-ноябрга белгиленди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Аскерде каза болгон Рустам Имановдун өлүмүнө байланыштуу иш боюнча алгачкы сот отуруму 20-ноябрга белгиленди. Бул тууралуу 12-ноябрда “Азаттык” радиосуна маркумдун апасы Асыл Адылова билдирди.

Анын айтымында, айып уулунун кол астында кызмат өтөгөн аскер жигитке тагылууда, эгер ал күнөөлүү деп табылса 12 жылга эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Бирок Адылова айып бейкүнөө аскерге тагылып жатканын тастыктоочу жагдайлар бар экенин, ал бала өзү да айыптоолорду моюнуна албай жатканын айтууда:

“Баары ошол эле баланын моюнуна жүктөлүп жатат. Балам каза болгондон кийин бардык документтер жок болууда – паспорту, аскердик билети, телефону. Камчыбек Ташиев менен Садыр Жапаровго кайрылуу жазганбыз. Прокуратуранын үстүнөн УКМК карап жатат дешкен”.

Адылова уулунун командиринен шекшип жатканын, бирок ал жоопко тартылбай келатканын буга чейин билдирген.

Аскер кызматын келишимдик негизде Жаңы-Жер айылындагы №19 колонияда кинолог болуп өтөп жаткан 20 жаштагы Рустам Иманов быйыл 17-сентябрда каза болгон.

Адылова айыптап жаткан командирден же анын жактоочуларынан азырынча комментарий боло элек.

«Азаттык» бул окуя боюнча Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынан (ЖАМК) комментарий сурап кайрылганда мекеменин басма сөз кызматы өлүмдүн чоо-жайын Аскер прокуратурасы териштирип жатканын билдирген.

Башкы прокуратура Имановдун өлүмүнө байланыштуу иш Жазык кодексинин "Өзүн өзү өлтүрүүгө жеткирүү" беренеси менен козголгонун, кылмышка шектүү Бишкек гарнизонунун гауптвахтасына камалганын маалымдаган.

12-ноябрда Башкы прокуратура тергөө уланып жатканын, иштин купуялыгына байланыштуу эч кандай маалымат берилбей турганын "Азаттыкка" билдирди.

2019-жылы Кыргызстанда аскерде жүрүп каза болгон 13 жоокердин өлүмү суицид катары бааланган. 2018-жылы 17 аскер кызматкери өз жанын кыйганы кабарланган.

Бул окуялардын дээрлик баарында жоокерлердин жакындары алардын суицидге барганына ишенбей, өз жүйөлөрүн жана далилдерин келтиришкен. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG