Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:23

Коргоо министри: "Байрактарды" сатып алуу УКМК аркылуу жүргүзүлөт


Коргоо министри Бактыбек Бекболотов.
Коргоо министри Бактыбек Бекболотов.

Түркияда жасалган "Байрактар" дрондорун сатып алуу иши Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет аркылуу жүргүзүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 12-ноябрда коргоо министри Бактыбек Бекболотов "Кабар" улуттук маалымат агенттигинде өткөн пресс-конференцияда билдирди:

"Байрактар" Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) аркылуу алынат. Ал аскердик техниканын баары эмнеге керек – өз багыты бар. Ал жагынан пландын негизинде иш жүрүп жатат".

Кыргызстан Түркиядан "Байрактарды" алып жатканын алгач 21-октябрда атайын кызматтын башчысы Камчыбек Ташиев билдирген. Президент Садыр Жапаров Кыргызстан бир жылда аскердик техникасын жаңыртууга жана оңдоого баш-аягы 100 млн. доллар бөлгөнүн, Орусия менен Түркиядан дрондор алынып жатканын 23-октябрда айткан.

“Байрактар” – чалгын жана сокку уруу максатында колдонулуучу, орточо бийиктикте, узак убакытка уча алчу учкучсуз аппарат. (RK)

XS
SM
MD
LG