Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:50

Кыргызстан менен Өзбекстан товар айлантууну 1 млрд. долларга чыгарууну сүйлөштү


Садыр Жапаров менен Шавкат Мирзиёев.
Садыр Жапаров менен Шавкат Мирзиёев.

12-ноябрда Стамбул шаарында Түрк кеңешине мүчө өлкө башчыларынын "Жашыл технологиялар жана санариптик доордогу акылдуу шаарлар" темасындагы сегизинчи саммитинин алкагында президент Садыр Жапаров Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев жана Азербайжандын президенти Илхам Алиев менен жолукту.

Анда өлкө башчылары соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыктын актуалдуу маселелери боюнча сүйлөштү.

Садыр Жапаров менен жолуккан Шавкат Мирзиёев эки тараптуу кызматташу, анын ичинде соода-экономикалык багытка басым жасап, эки өлкөнүн ортосундагы товар жүгүртүүнү 1 миллиард долларга жеткирүүгө реалдуу мүмкүнчүлүк бар экенин баса белгиледи.

Жолугушууда Кыргыз-өзбек өнүктүрүү фонду тууралуу сөз болуп, өзбек президенти каржылык уюмдун ишмердүүлүгүн өстүрүүгө кызыгуусун билдирди.

Бүгүнкү саммитте болсо Түрк кеңешинин ишмердүүлүгүнө жана келечегине байланыштуу маанилүү чечимдердин кабыл алынышы күтүлүүдө. Ошондой эле, Түрк Кеңешинин атын Түрк мамлекеттер уюму деп атоо чечими каралат. (ElB)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG