Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:55

ИИМ диний экстремисттик уюмдардын соцтармактагы ишмердүүлүгүнө каршы күрөшөт


“Хизб ут-Тахрир” экстремисттик тобунун мүчөлөрүнөн алынган материалдар.
“Хизб ут-Тахрир” экстремисттик тобунун мүчөлөрүнөн алынган материалдар.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) диний экстремисттик уюмдардын социалдык тармактагы ишмердүүлүгүнө күрөш күчөтүлөрүн билдирди. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы кабарлады. Расмий маалыматка караганда, ушул жылдын 9 айында социалдык тармактарга мониторинг жүргүзүлүп, диний-экстремисттик жана эл аралык террористтик уюмдардын идеологияларын таркатуу жана пропагандалоо менен алектенген жалпы 63 сайт жана 20 аккаунт аныкталды. Соттук-эксперттик кызматтын корутундусунун негизинде соттун чечими менен 38 сайтка бөгөт коюлду.

"Мурда диний-экстремисттик уюмдун мүчөлөрү, жактоочулары ошол уюмдардын идеологияларын түздөн-түз, баракчалар, китепчелер аркылуу жайылтып келишкен болсо, азыркы учурда алар да жаңы технологияларды, социалдык тармактарды кеңири колдонуп келишет. Ошого жараша ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматында дагы аталган багыттагы адистер иш алып барышат", - деп жазылган ИИМ тараткан маалыматта.

ИИМ бул багытта кызматкерлердин билим деңгээлин жогорулатуу максатында атайын курстарды уюштуруп, бейөкмөт уюмдар менен тыгыз байланышта семина тренингдерди өткөрүп турат.

Дин иштери боюнча эксперттер экстремисттик уюмдар кишилерди тузагына илүүнүн жаңы ыкмаларын ойлоп таап, катарына аялдар менен өспүрүмдөрдү тартып жатканын эскертүүдө. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG