Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:58

Тбилисиде Саакашвилини колдоо акциясы өтүп жатат


Саакашвилини колдоо акциясы. Тбилиси, 15-ноябрь 2021-жыл
Саакашвилини колдоо акциясы. Тбилиси, 15-ноябрь 2021-жыл

Грузин парламентинин оппозициялык "Бирдиктүү улуттук кыймыл" партиясынан 9 депутат жекшембиде мурдагы президент Михаил Саакашвилини колдоо иретинде ачкачылык жарыялашты. "Новости-Грузия" сайтынын маалыматына караганда, алар ачкачылыкты парламент имаратында кармашмай болду. Партиянын кеңсесинде депутаттарга лидерлердин бири Георгий Барамидзе кошуларын билдирди. Дагы бир мыйзам чыгаруучу, "Дроа" партиясынын жетекчиси Елена Хоштария 3-ноябрдан бери ачкачылык кармап келатат. Алар Саакашвилини кадимки ооруканага которууну талап кылышууда. Экс-президент өзү 1-октябрдан тарта ачкачылык кармоодо.

Ал тапта Жаза аткаруу кызматы коопсуздукка шилтеп, Саакашвилиге 15-ноябрдагы сотко катышууга уруксат берген жок. Анын тарапкерлери бул ирет да көчөлөргө чыгышты.

Ал азыр Тбилисидеги абактын ооруканасында камакта жатат. Саакашвили кызматынан кыянат пайдаланган деген эки иш боюнча сыртынан кесилген.

10-ноябрда Тбилиси шаардык сотунда 2007-жылдагы оппозициянын митингин кууп таркатуу жана "Имеди" телекомпаниясын тартип коргоочулар тарабынан талкалоосу боюнча иштер карала баштаган.

Экс-президентке буга чейин чыккан өкүмдөр боюнча 6 жыл түрмө жазасы чегерилген. Саакашвили жана оппозиция бул иштердин артында саясат турганын айтып келет.

Грузиянын мыйзамдарына ылайык, аны жазадан президенттин ырайымы гана бошото алат. Бирок Саломе Зурабишвили андайга барбасын бир нече жолу кайталады.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG