Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:28

Өкмөттө Бишкектеги ыш маселеси талкууланды


Бишкекти каптаган ыш. Акыркы жылдары айрыкча ноябрдан март айына чейин баш калааны түтүн каптап, абанын булганышы башкы маселеге айланып келет. Сүрөт 2018-жылы кышында тартылган.
Бишкекти каптаган ыш. Акыркы жылдары айрыкча ноябрдан март айына чейин баш калааны түтүн каптап, абанын булганышы башкы маселеге айланып келет. Сүрөт 2018-жылы кышында тартылган.

Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров бүгүн, 15-ноябрда өкмөттүн жыйынында борбордогу ыш маселесин көтөрүп, муниципалитет менен биргеликте экологиялык маселелерди чечүүдө ишти күчтөндүрүүнү тийиштүү мекемелерге тапшырды.

Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады. Мындан сырткары мамлекеттик органдарга көмүрдү арзандатуу, элди көмүр жана күйүүчү-майлоочу майлар менен үзгүлтүксүз камсыздоо тапшырмалары коюлду.

Бишкекте акыркы жылдарда абанын булганышы башкы экологиялык маселеге айланды. Жыл сайын айрыкча күз-кыш мезгилинде, жылытуу сезону башталган учурда баш калааны ыш, түтүн каптайт. Экологдор буга чейин абанын булганышы нормадан бир нече эсе ашып кеткенин айтып чыгышкан. Шаардын асманын кара-көк түтүн каптап турганы тартылган сүрөттөр Интернетте тынымсыз жарыяланып келет.

World Air Quality уюмунун индексинде Бишкек аба өтө булганган шаарлардын катарында турат. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG