Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:12

Улуттук олимпиада комитетинин аткаруу комитети жыйын курду


Бүгүн 15-ноябрда Бишкекте Улуттук олимпиада комитетинин (УОК) аткаруу комитетинин отуруму өттү. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна аткаруу комитетинин мүчөсү, Кыргызстандын Спорт журналисттер федерациясынын башкы катчысы Кабыл Макешов билдирди.

Жыйында 2017-2020-жылдардагы ишмердүүлүк боюнча УОКтун башкы катчысы Саламат Эргешов баяндама жасады.

Күн тартибиндеги экинчи маселеге ылайык, комитетке жаңы мүчөлөрдү кабыл алуу планы каралды. Башкы ассамблеянын жыйынында төрт жаңы федерация кабыл алынмай болду. Алар: шорт-трек (президенти Айваз Оморканов), текбол (президенти Чолпонбек Жумашүкүров), жиу-житсу (президенти Абдурахманхажи Муртазалиев) федерациялары жана Допингге каршы улуттук борбор.

Жыйындын соңунда Башкы ассамблеянын жыйынын 25-ноябрда өткөрүү чечими кабыл алынды. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG